Menu

ЕБ лидерлери Улуу Британияны биримдиктен чыкпоого үндөштү

Бөлүшүү:

Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Улуу Британияны Евробиримдиктен чыкпоого сунушташты.

Туск Европарламентте сөз сүйлөп, эгер Лондон болуп жаткандарга көз карашын өзгөртпөсө, Брекзит “негативдүү кесепеттери менен ишке ашарын” белгиледи. “Улуу Британия үчүн биздин жүрөгүзбүз мурдагыдай эле ачык”, – деди Туск.

Юнкер Тусктун позициясын колдоп, британ бийлиги анын сөзүнө кулак саларынан үмүт артты. “Биздин эшик мурдагыдай эле ачык”, – деп белгиледи Еврокомиссиянын башчысы.

Улуу Британиянын ЕБдан чыгуусу боюнча сүйлөшүүлөр Брюсселде 19-июнда башталган. Ал 2018-жылдын аягына чейин уланат. Мындан соң макулдашууларды улуттук парламентте ратификациялоо үчүн тараптарга алты ай берилет.

Британиялыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча 2016-жылы добуш берген. Улуу Британия ЕБга 1973-жылы кошулган жана анын катарынан чыккан алгачкы өлкө болуп калат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: