Menu

Корпоратив уюштуруп, миллионго байыган Кыянбек Сатыбалдиев

Бөлүшүү:

“Жалал-Абад облусун башкарган Кыянбек Сатыбалдиев деген бар. Эки жылдан бери республиканын эң чоң облусттарынын бирин жетектеп келе жатат. Бирок кылган ишинин дайыны билинбейт. Кумга сиңген суудай ың-жың.

Базарда жүрүп алып-сатарлык шыгы менен кызыл кулактык кылып байып, анан акчанын күчү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болуп, андан ары облус жетектеп кетти. Өткөндө маалымат каражаттары жогорку билимдүү деген дипломду сатып алганын шардана кылышты. Карачечекей досу айтып чыгыптыр. Бирок Кыянбек мырзанын мурдун балта кескен жок. Сабатсыз адам жетекчи болуп келип, облусттун иши такыр артка кетти дешип, жергиликтүү тургундар зар какшап айтып жатышат. Жогорку жетекчилик бул маселеге көңүл буруп, Сатыбалдиевди базарга барып сатуучулук оокатынды кыл дебесе, элдин шорун кайнатып жүрө береби?”- деп “Фабула” гезитиндеги кесиптештерибиз жазып чыгыптыр.
Биздин да бул кептерге кошумча кебибиз бар.
Жаңы жылда өзүн сыйлаган ар бир мекеме корпоратив оорусу менен ооруп калышат эмеспи, пулун жөн эле талаага чачып. Мына ошол оору менен биздин каарман дагы ооруп, Жаңы жылдын алдында облустук деңгээлде корпоратив уюштурду. Мындайды укпагандардын оозу Ошту карап калды. Биз дагы кызыгып көрдүк. Көрсө, биздин кесиптештер жазгандай, Кыянбектин алып-сатарлык мүнөзү ушул жерде да кармап кетиптир. Башы иштегенин карасаң, корпоративге 600 киши чакырылып, дасторконуна кеткен чыгым баштан-аяк облустагы бай ишканалардын бири “Кыргызнефтегазга” жүктөлүптүр. Бирок, ошол чакырылган 600 адамдар, айыл өкмөт башчылары, акимдер, мэрлер, мамлекеттик мекеме жетекчилери корпоративге катышууга милдеттендирилип, ар бирине иш-чарага катышуу үчүн билет сатылыптыр. Ушундай да болчу беле, дасторконду ишкана көтөрөт, а катышкан адамдарга сатылган билеттен түшкөн 1 миллион сомдон ашкан каражатты губернатор алат, болбосо ким алат эле аны, ия? Айтор, мурдунун учунан алысты көрө албаган жетекчинин корпоративдик кечеси боюнча өтө кызыктуу, даана ширин макаланы даярдап жатабыз. Фотосүрөттөр, билетке акча төлөгөн байкуш адамдардын маектерин кийинки санда жарыя кылабыз, күтө туруңуз.
Азырынча айтарыбыз, Кыянбектин ишти алып кетүүгө дарамети жок экенин көрүп туруп, жогорку жетекчилик эмнеге унчукпайт, ия? Же корпоративден түшкөн акчалар ошол жакка кетип жатабы?

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: