Menu

Тажикстанда түрмөлөрдү реформалоо боюнча программа кабыл алынды

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтү түрмө реформасы жөнүндө программа бекитти. Документте жабык мекемелердеги 10дон ашуун көйгөйлөр эске алынган. Анын ичинде соттолгондор отурган имараттардын тардыгы, стандарттарга жооп бербей турганы белгиленген.

Программада өмүр бою эркинен ажыратылган кишилердин саны көбөйүп жатканы, бирок алар үчүн өзүнчө колониялар жок экени айтылган. Буга байланышуу өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын түрмөлөрдү куруу, биринчи жолу соттолгондорду рецидивисттерден бөлүү сунушталууда.

Бул арада жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткандардын 20% гана иш менен камсыздалган. Түрмөлөрдөгү цехтердин көбү иштебей турат. Документтин авторлору эгер соттолгондорго иш берүү жолго коюлса, түрмөлөрдү камсыздоо жакшырат деп эсептешет.

Тажикстанда бир түрмө сакчысына 150-200 соттолуучу туура келет. Программанын авторлору мындай учурда кызматкерлер өз милдеттерин так аткара албай турганы, түрмөдө тирешүү, башаламандык көбөйүшү ыктымал экенин эске салышкан.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 19 тергөө абагы жана түрмөлөр бар. 2019-жылы мунапыс жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганга чейин жабык мекемелерде 13 миң киши болгон. Мунапыс менен 7 миңден ашуун адам эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: