Menu

Депутат социалдык тармактарды чектөө боюнча мыйзам даярдоону сунуштады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын депутаты Улан Примов социалдык тармактарды жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, өлкөдө көптөгөн жарандар маалыматты социалдык тармактардан жана интернет сайттардан алып жатат. Ошондуктан соцтармактарды жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууну өкмөткө сунуштады.

– Социалдык тармактарда текшерилбеген, улут аралык кастыкты козгоочу маалыматтар чыгып жатат. Социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаты катары кароо же чектөө боюнча мыйзам долбоорду сунуштоо керек, – деди Примов.

Ал эми юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев интернет сайттарды жөнгө салуу тууралуу мыйзам иштелип жатканын, жакында талкууга чыгарыларын билдирди.

Жогорку Кеңеште “Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатат. Анда маалымат каражаттарын каттоонун мөөнөтүн азайтуу сунушталган.

Талкуу учурунда баяндамачы, юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев мыйзам долбоору тууралуу суроолорго толук жооп бере албаганын депутаттар сынга алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: