Menu

Өзбекстанда эки кант заводу банкротко кептелди

Бөлүшүү:

Былтыр ноябрда ишин убактылуу токтоткон Хорезм жана Ташкент облустарындагы эки кант заводу биротоло жабылышы мүмкүн. Завод жетекчилиги жумушчулардын акысыз эмгек өргүүсүн апрелге чейин узартты.

«Хоразм Шакар» заводунун кызматкерлеринин көбү иштен кетүү боюнча арыз жазышты.

– Бизге акы төлөнбөгөн эмгек өргүү 10-апрелге чейин узартылганын айтышты. Дагы үч ай акчасы жок үйдө отурушубуз керек экен. Ойлонуп көрүп, Казакстанда иштеп келүүнү чечтим. Жумуштан кетүү боюнча арыз жаздым. Жетекчиликтен апрелде завод ачылып калса, кайра ишке алабыз дешти. Ачылбай калсачы? Мен Казакстанга баруу үчүн коңшулардан карызга акча алдым. Кесиптештеримдин көбү иштен бошонуу үчүн арыз жазышты, – деди кызматкерлердин бири.

Заводдун башка бир кызматкери «Хоразм Шакар» жетекчилиги жумушчуларга акчалай компенсация төлөөдөн баш тартканын билдирди.

«Хоразм Шакар» заводунда 1,5 миң, «Ангрен шакар» заводунда – 500 киши иштеп келген. «Хоразм Шакар» өзбек-австрия биргелешкен ишканасы болуп эсептелет, расмий маалыматтар боюнча ички рыноктун 60 пайызын камсыздап турган.

«Узбекозиковкатхолдинг» компаниясы маалымдагандай, кант заводдору толугу менен жабылышы ыктымал. Учурда импорттук шекер Өзбекстанда алда канча арзан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: