Menu

Төрт баласы бар, бирөөсү майып, өзүнүн көзү көрбөгөн лейлектик жесир келин ырайымдуу адамдардан жардам сурайт!

Бөлүшүү:

Ассаламу алейкум, атым Жазгүл, Баткен облустуна караштуу Лейлек ройонунун Самат айылынан болом.
Жолдошум өткөнүнө, бизди таштаганына сегиз ай болду, төрт балам бар. Үчүнчү балам инвалид, эпилепсиясы бар. Бир эпилепсиясы кармаса 1 жумага чейин тамак ичпей калат. Өзүм үчүнчү группадагы инвалидмин, бир көзүм үч жолу операция кылынгандан кийин көрбөй калган. Балдарымды карап ишке чыга албайм, көптөр спец интернатка уулуңду тапшыр деп айтышкандар дагы болду. Бул мага Аллахтан сыноо деп САБЫР кылып жашап келем.

Балдарымдын улуусу 11-класс, экинчиси 16жашта, үчүнчүсү 8 жашта, кичинеси азыр үч айлык, эмизем. Жолдошум өткөндө беш айлык бойумда бар еле, 8 жаштагы эпилепсия менен ооруган балам баса албайт, басса жыгылып калат, кармап жүрүш керек. Балам кечке чейин таспи тартат. Уктаганда да тасписин кармап жатат. Намаз китептерди көрсө сүйүнөт, үйрөтөйүн десем айтпайт. Жакшы сүйлөбөйт, керектүүсүн айтат.

Балага окшоп оюнчуктарга кызыкпайт, ойнобойт, тасписин жоготуп койсо ыйлайт. Мага жардам берем деген кайрымдуу инсандар үчүн телефон номерим: 0552 01 29 79 Жазгул. Хадисте айтылгандай, биринчи колум бергенди экинчи колум сезбесин дегендер үчүн Элсом капчык: 0552 01 29 79. Элсом капчыкка KICB Банк аркылуу же KICB терминалдарынан жиберсеңиздер болот. Аллах баарыбыздан ыраазы болсун , Аллах ыраазычылыгы үчүн кылган жакшы иштерибизди Аллахым өзү кабыл кылсын! Убактыңыздарды алганым учун Аллах үчүн кечирим сурайм!!!

Булак: Рух Медиа

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: