Menu

Канатбек Исаев абактан спорт менен машыгып, жумасына үч-төрт томдук дүйнөлүк шедеврлерди окуп атат

Бөлүшүү:

Биринчи Май райондук соту Канатбек Исаевди Токмокто мэр болуп турган кездеги ишмердиги боюнча 12 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Бул кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун Исаев өзү жана адвокаттары ташка тамга баскандай айтып келишсе да, сот алардын сөзүнө көңүл бурган эмес. Натыйжада, адвокаттар шаардык сотко даттануу арызын жазышып, жакында экинчи инстанцияда каралганы турат. Ал эми Канат мырза УКМКнын СИЗОсунда күндө спорт менен машыгып, беш маал намазга жыгылып, бир жумада үч-төрт томдук дүйнөлүк ар багыттагы шедевр адабияттарды окуп жатканынан кабар алдык. Учурда дене-булчуңу буркуюп, баштагыдан да акыл көрөңгөсү бийиктеп, дүйнө таанымы кыйла өзгөргөнүн айтышууда. Каарманыбыздын сабырдуулугу, эркинин күчтүүлүгү да таңгалдырууда, көрсө, чыныгы көсөм саясатчы түрмөдөн да өзүн такшалдырып, келечектеги улуу жеңиштерди багындыруу үчүн бел байлап, баарыбызга үмүт берет тура… Сыягы, «Исаевди сындырабыз» де­гендер ого бетер чыйралтып салышты го?

Кубат Карачев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: