Menu

БШК Бабановдун депутаттык манданттан баш тарткан арызын кабыл алды

Бөлүшүү:

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча арыз Борбордук шайлоо комиссиясына келип түштү. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын бардык талаптарына жооп берген арыз БШКга келип түшүп, кабыл алынды. Учурда жумушчу топ аны карап жатат. Мындан соң маселе БШКнын жалпы жыйына чыгарылмакчы.

Буга чейин депутаттын арызы өз колу менен жазылбаганы үчүн БШК кабыл албай келген эле.

Президенттик шайлоодо экинчи орун алган Өмүрбек Бабановго каршы конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөө жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши козголгон. Ал ушу тапта чет өлкөдө жүргөнү кабарланган.

Жаңы жылдын алдында Бабанов депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетерин жарыялаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: