Транспорт министри Жамшитбек Калилов карапайым элдин жонунан кайыш тилип, улам бир идеясы менен коомчулукту дүрбөтүп баштады. «Ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт» демекчи, кызматынан шыпырылганы калса керек. Машинелер түтүн чыгарса айып пул төлөйт, жолго акча төлөнөт деген сыяктуу мыйзам долбоорлору менен башты айлантып жатат. Жеке өзүнүн колунан кокон тыйын келбейт. Башкасын кой, Ош-Бишкек авиакаттамындагы билет баасын арзандата алган жок. Бизге билинбегени менен аталган тармакта коррупция гүлдөгөн. Эми унаалардын түтүнүн текшеребиз дегени айласыздан жылмайтат. Кыскасы Жамшитбекти жарыш керек, шиши толду мунун.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ