Menu

Бурятияда окуучу мектепке балта жана “Молотов” коктейли менен кирип барды

Бөлүшүү:

Бүгүн таң эрте Улан-Удэ шаарында өсүрүм “Молотов” коктейли жана балта менен мектептердин бирине кирип келди.

“Сибирь.Реалии” жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берип кабарлагандай, №5 мектепке 9-класстын окуучусу “Молотов” коктейли жана балта менен кирип барган. Ал ысык суюктукту үчүнчү кабаттагы класстын ичине чачкан, бир нече окуучу жаракат алган. Өрт чыккан имараттан 500дөн ашуун киши эвакуацияланды.

Кол салуу учурунда төрт киши жаракат алган. Тергөө комитети мектепке балта менен кирип барган өспүрүм кармалганын билдирди. Кылмыш иши козголду.

15-январда Пермь крайында эки өспүрүм 4-класстын окуучуларына жана мугалимге бычак менен кол салган. 15 киши жаракат алган: сегиз окуучу учурда ооруканада. Балдарды коргоого аракет кылган педогог операциядан кийин өзүнө келди. Кол салган эки өспүрүм тең сот тарабынан эки айга камалды. Алдын ала кутумга барып, бир нече кишинин өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: