Menu

Human Rights Watch: Адам укуктары боюнча абал начарлады

Бөлүшүү:

Көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери элдин атынан сүйлөп, тең укуктуулук принциптерине чабуул жасоо менен улуттук азчылыктарды кодулашууда. Бул тууралуу эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы баяндамасында айтылат.

Уюм алдыңкы демократиялык өлкөлөр 2017-жылы ички маселелери менен көбүрөөк алектенип, адам укуктары тармагында абал көңүл сыртында калган деп белгилейт. Бул кырдаалдан пайдаланып авторитардык режимдер маалымат боштугун радикалдуу чакырыктар менен толтуруп, адам укуктары менен сөз эркиндигин барктабай жатат, деп айтылат баяндамада.

Укук коргоочулар Донбасстагы куралдуу жаңжалдын бардык катышуучулары тынчтык келишимдерин бузуп, зомбулук, кыйноо аракеттерин көрүп жатканын белгилеген.

Баяндамада айтылгандай, Орусияда ЛГБТ, оппозиция өкүлдөрүн куугунтукка алуу күчөгөн. 2017-жылы орус бийлиги каршылык акцияларына чыккандарды камакка алуу боюнча рекорд койгон.

2017-жылы расмий Баку бийликти сындагандарга кысым көрсөтүүнү күчөтүп, 25тен кем эмес журналист менен активисттерди түрмөгө отургузган.

Баяндаманын авторлорунун иликтөөлөрүнө ылайык, Борбор Азияда дагы адам укуктары боюнча абал начар. Тажикстан түрмөлөрүндө 150дөн ашуун саясий активисттер, көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар отурат. 20дай журналист опузага кабылып, Тажикстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Кыргызстанда сын көз караштагы ММКларды Башкы прокуратура миллиондогон сомго доого жыкканы, айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынганы белгиленген.

643 беттен турган баяндама 90 өлкөдөгү адам укуктарынын абалына арналган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: