Британиялык “The Telegraph” басылмасы түзгөн рейтингге ылайык, Кыргызстан диндешкен өлкөлөрдүн алдыңкы сабына жазылды. Дүйнө боюнча эң динчил мамлекеттер Эфиопия, Малави, Нигерия, Шри-Ланка жана Йемен болду. Борбордук Азияда биринчилик Тажикстан ээледи. Аталган өлкөнүн калкынын 85 пайызы дин тутунат. Кыргызстанда дин тутунган жарандардын саны 72 пайызды түздү. Андан азыраак Казакстанда – 64%, Өзбекстанда – 51% экени маалым болду. Эң төмөн көрсөткүчтөр Кытай, Япония, Эстония, Швеция, Чехия жана Норвегияда катталды.
Мына ушул нерсенин өзү чындыгында Кыргызстандын жарандары акыркы жылдары өтө эле динге берилип кеткенин көрсөттү. Билимге эмес, динге сугарылгандын арты кооптуу. Быйыл Сауд Аравия ажылык үчүн Кыргызстанга 5400 квота болгон. Бул былтыркыга караганда 815ке көп.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ