Menu

Рахат Ирсалиев АКШдан бизнес кылууга ашыгууда

Бөлүшүү:

Экс-депутат, Кочкор­дон чыккан белгилүү курулуш магнаты Рахатбек Ирсалиев АКШда бизнестин миң түрлүү чабыттарын өздөштөрүүнүн амалына өттү. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Рахатбек мырза учурда океандын ары жагында жүрөт. Саясат менен алектенүү курсак тойгузбасын сезген Ирсалиев 10 жылдай мурун бул жааттагы түйүнчөгүн түйүп, бизнеске биротоло баш баккан. Ошондон бери ишкерчилигин ийгиликтүү улантып, эми чет өлкөгө чейин иш жүргүзүүгө шымаланууда. Бу бизнесмендин коңшу өлкөлөрдү мындай кой, АКШдан бизнес кылганына кан кудасы Кубатбек Байболов түрткү берген го. Болбосо Токтогул-Исанов көчөлөрү тараптан чыкпай, кыпчылып эле ошол жакта үй салып жүрчү. Эми колдон келсе, АКШдан деле кыргыздын азаматынын ити чөп жей берсин да, туурабы?

Ийгилик БОЛСУНБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: