“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ден соолугун Бишкектеги ооруканалардын бирине алып чыгып текшеришет. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша, Текебаевди дарылоо абактын ичинде же кадимки ооруканада жүргүзүлүшү керектиги тууралуу маселе чечилет. Буга чейин абакта отурган Текебаевди кардиолог менен эндокринолог келип текшерип кетишкен. Алар кошумча анализ тапшыртып, “дагы тиешелүү аппараттар менен текшертиш керек” деген бүтүм чыгарышкан. Эми анализ тапшырса, жыйынтыгына жараша дарылануусун же №47 колониядан уланта берет же атайын адистер керек дешсе, анда конвойдун коштоосу менен ооруканага жатып дарыланат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ