«Жашабай жатып…» дейт кыргыз. Дегеним, жаштарыбыз жаңы кызматка келгенде периштедей таза, ыйык болуп көрүнүп туруп эле жыл айланбай көчүктөрү «поктон» арылбай чыга келишүүдө. Айтсак, «Жаш десе жаш, иш десе ишке тойбой турат» деген логика менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кылып 31 жаштагы Дастан Догоев деген немени өткөн жылы жетелеп келип олтургузбадык беле. Эми ал тармактын ашмалтайы чыгып жатканын айтып атып тилибиз тешилди. Жасалма паспорт жаатында бул жигит адистешип бүткөнүн биз эмес аалам жар салып, Кыргызстандын паспорту менен канча эргулдар кармалып атат. Мамлекеттин акчасын «эксперимент» да кылып, элди шылдыңдап көрдү. Эми болсо дагы бир чуусу чуулдай баштады. Кечээ жакында эле интернет тармагына чыккан маалыматка ишенсек коңшу өлкөлөрдөн уурдалган унаалар Кыргызстандын аймагынан кармалыптыр. Бир, экөө эмес 45 унаа кармалганын жазып чыгышты. Алар Кыргызстандын номуру менен жүргөнү кандай?! Андай номурду ким берип, машинелерге каттоолорду ким жүргүздү? Мындай кырдаалда өз пикирин билгизе албаган Догоев уурулар менен табакташпы?! Же Догоевге мындай аргументтер суу кечпейби?
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ