Тажикстандын Жогорку Соту 31-январда түрмөдө отурган белгилүү адвокат Бузургмехр Ёровдун доо арызын карайт. Бул тууралуу ал туугандарына жолдогон катта билдирип, аман-эсен жүргөнүн кабарлаган.
Өткөн жылы октябрда шаардык сот Бузургмехр Ёровду 23 жылга эркинен ажыраткан.
Адвокаттын карындашы Хосият Ёрова агасынан эки күн мурун кат келгенин билдирди. Январдын башында туугандары андан бир айдан ашуун убактан бери кабар ала албай жаткандыктарын айтышкан. Жактоочу соттолгондон кийин ачкачылык жарыялоо ниетин ачыктаган, буга байланыштуу үй-бүлөсү анын ден соолугуна кабатыр болуп жатышкан.
Былтыр октябрда Дүйшөмбү шаардык соту Ёоровду бийликти кулатууга элди чакырган жана коомдук нааразылыкты козуткан деген айыптар боюнча 23 жылга эркинен ажыраткан. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. Өкүм чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин «Сотту сыйлабоо» жана «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» беренелери боюнча дагы үч жылга соттолгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ