Menu

Назира Айтбекова, алып баруучу: «Баягы эрке Назира жок. Турмуш мени өзгөрттү»

Бөлүшүү:

«2017-жыл ыйын да, сыйын да көрсөттү» дейт алып баруучу Назира Айтбекова. Акыркы учурда бул адамдын жашоосунда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Жашоосунан сабак алып, бир гана «алга» деген ураан менен жашап калганын айткан алып баруучу жаңылыктары менен бөлүшөт.

– Назира, салам. Жаңы жылың менен! Өтүп кеткен жыл сага эмне берди, эмнеден кемитти дегендей. Артка кылчайып жыл жыйынтыгын жасадыңбы?
– Рахмат. 2017-жыл ыйын да, сыйын да көрсөттү. Жалпы жонунан жакшылыкка, туура жолго багыт көрсөткөн жыл болду. Айрым адамдарды жашообуздан чыгардык. Пейили, көңүлү түз адамдарды жашообузга киргиздик.

– Жыл жаңырар алдында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинин уюштуруусу менен мекендештерибиздин жолугушуусуна барып, эс алып да келдиң. Сапарың өзгөчө сезимдер менен коштолуп, куржунуңа жаңы идеялардан сала келсең керек…
– Түштүк Корея «барсам, көрсөм экен» деп кыялданган өлкөлөрдүн бири болчу. Технологиясы, экономикасы жагынан бизден кандай алдыда бара жатат, өлчөп, өкчөгүм келчү. Тездик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарында экен. Бир гана тузу кем тамагына көнбөй кыйналдык. Калганы жомоктогудай, өзгөчө тарыхый жерлерин көргөнүбүз жакты. Канча кылым илгери басып өткөн турмушуна кайрылып барып, алардын издерин көрүү, «Хан сарайдын бермети» Тангем тартылган жайды көрүш башкача таасир калтырды. Алардын сабырдуулугун үйрөнүүгө аракет кылып келдим. Бомба түшүп жатса да камырабай, маданияттуу түрдө ишти чече билишерин байкадым. Мына ушулардын баарын турмушумда, чыгармачылыгымда колдоном, буюрса.

– Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар, эмне менен алексиң?
– Белгилүүлөр ортосунда англис тилин үйрөнүү боюнча долбоорго катышып, биздин команда жеңишке жетип, Лондонго бармай болдук. «Эл эмне дейт?» долбоорунда бирде кемпирдин, бирде жеңенин, бирде урушчаак аялдын, бирде кылыктанган жаш кыздын ролун ойноп жатам. Бул долбоор актёрлук чеберчилигимдин өсүүсүнө жардам берип жатат. Буга чейин «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием», «Көк салкын» жана башка тасмаларга тартылып, бир кылка ролдорду ойночумун. Андан сырткары мотиватор катары да аймактарыбызды кыдырып, Орусияга чейин барып, «Мен ханышамын» долбоорунун негизинде аялдарды өзүн-өзү сүйүүгө үндөп жүрөбүз. Карап келсек, айымдар чын эле алдыбызга максат койгонду, ага жеткенди, ырахаттанып жашаганды, ал гана эмес, кыялданганды көмүскөдө калтырып коёт экенбиз. Ошондой эле жаш балдардын келечекте мыкты инсан болушуна таасир берүүчү дагы бир долбоордун үстүндө эмгектендим.

– Үлгүлүү үй-бүлөдөй көрүнчү элеңер, очогуңардын бузулушуна эмне себеп болуп кетти?
– Башка түшкөн нерсе адамды күчтүү, курч кылат экен. Искендер менен ажырашканым мага чоң сабак болду, көп нерсеге көзүмдү ачты. Жыгылганда тиземди күбүп, кайрадан бутка турушту, эркектин да, аялдын да ролун аткара аларымды, балама эне да, ата да болууга күчүм жетерин далилдеп берди. Азыр менин «Ал эмнеге антти, тиги эмнеге тигинтти?» дегенге же бир орунда тура берүүгө убактым жок. Уулум чоңоюп келе жатат, артымда апам турат. Ошолордун урматына, кызматына чуркашым керек. Бир саамга токтосом эле канап турган жүрөгүмдүн ыйын угуп калып жатам. Ал үндөрдү уккум келбей, алдыга чуркап бара жаткан кезим.

– Эми турмуш курганыңда кандай аял болосуң, өзгөрүшүң мүмкүнбү?
– Азыр акылдуу болуп калдым. Анчалык эркелебейм, ак көңүл, ишенчээк болбойм. Өзүмдүн акчамды өзүм кармайм, банктык эсебим болот. Күйөөмдөн көз каранды болбойм. Эми Назира карьерасына көңүл бөлөт, акылдуусуна эмес, акылманына тиет. Жүрөгүн эмес, акылын угат. Тийип жаткан күйөөсүнүн кандай үй-бүлөдөн чыкканына байкоо салат. Менден жактыруу болсо, жолдошумдун сүйүшүн каалайм. Катуу сүйгөндөн күйүп калдым.

– «Ажырашкандан кийин атамды издеп таптым» деп жаттың эле, ата-бала мамилеси уландыбы?
– Ата-бала мамилебиз уланган жок. Ата-энем ажырашып кеткенде мен тогуз жашта болчумун. Атам үй-бүлөбүздөн кеткени элдешүүгө апам көп аракет кылды, бирок үзүлгөн нерсе уланбай койду. Ал кишини 22 жыл күттүм. Бир күнү «Кызым бар эле, көп ооруйт эле, окууга тапшырдыбы, күйөөгө тийдиби?» деп келет деп күтүп жүрдүм. Таарынгандан тажадым, телефонун таап сүйлөшүп, кечиргенимди айттым. Үнүн угуп алып «Чын эле сиздин үнүңүзбү?» деп сүрдөп, “атамдын үнү ушундай экен да” деп кызыктым. Бирок жолуга элекпиз. Азыр баягы Назира жок. Кечиримдүү, токтоо болуп, кемчилигимдин үстүнөн иштеп, артыкчылыгымды көбөйткөнгө аракет кылып жатам.

– Кемчилигиң катары эмнелериңди айтасың?
– Адамдарга көп таарынат элем, кек сактайт элем. Эмоцияга бат алдырчумун. Кубанганымды да, кайгырганымды да дароо билгизем. Ачыкмын, адам туурасында кандай ойдо болсом, ошонун баарын айтып салам. Эгер адамдын жаман жагын көрүп калсам, ары карап бурулуп кетмей жайым бар болчу. Азыр адамдарды кемчилиги менен сүйгөндү үйрөндүм. «Эл эмне дейт?» деп эл менен эсептешип жашайт элем. Азыр өзүмдү, өзүмдүн ыңгайыма карап, эл эмес, мен эмнени каалайм дегенге өттүм. Акыркы жылдары жашоодон эмне каалаарымды, жадакалса кыялданганды да унутуп коюптурмун. Кыскасы, жашоомду ак барактан баштадым.

– Биз менен араздашып, таарынышуу болду эле, ошол учурду анализдөөгө жакшы эле убакыт болду окшойт…
– Учурунда таарынгам. Ошол таарынычты сактап, эски жараны козгоону туура эмес көрдүм. Бардыгын кечирдим деп айтып жатпайымбы. Ошонун ичинен «Супер-Инфого» да көңүл бөлүп, анын үстүнөн иштедим. Ошол маалда мен эле эмес, гезиттин жамааты, тамашаны уюштургандар, ашыра аткарган актёрлор да жаман болушту. Бири-бирибизди көрүп аяган, ыйлаган да күндөр орун алды. Ал нерсе жашообузда болуш керек болчу окшойт деп калдым. «Тамаша тор» мага жашоону сүйгөндү үйрөттү. Жашоого көз карашымды өзгөрттү, күчтүү экенимди көрсөттү. Биздин мындан ары иштешип, мамилени мурунку калыпка келтиргенибизди 2017-жылдагы жеңишибиз деп эсептедим. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин чакыруусу менен мекендештерибиздин жолугушуусуна «Супер-Инфо» жамааты менен бирге Түштүк Кореяга барганда башында чийки май жегендей жаман болуп жүрдүм. «Жок, мен кылышым керек, эртеби-кечпи мамилебизди оңдошубуз керек» деп көңүлүмдү калыпка келтирдим. Балким, ошол маалда айрымдар силер менен мамилемдин бузулушун каалашкан чыгар? Алардын тилеги таш каап, мына, баары артта калды. Элге менин оюм, мүдөөм силер аркылуу жетип турса, менин кандай адам экенимди эл таанып турса анын эмнеси жаман?

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол! Жашооңдо жакшылыктар көбөйсүн!

Булак: Супер Инфо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: