Menu

Изумрудхан Токсонбаева, экстрасенс: “Жазында активисттер көтөрүлүш чыгарышып, айрымдары убактылуу камакка алынышат. Кытай тараптан кол салуу болот…”

Бөлүшүү:

Экстрасенс, элдик дарыгер Изумрудхан ТОКСОНБАЕВА Украина мамлекетинин Харьков шаарынан улуттук медициналык университетин аяктап келген. Жогорку билимдүү дарыгер айымга Жараткандан кошумча касиет келип, элдик дарыгер катары кабыл ала баштаганына аз эле убакыт болгон. Айткандары дал келип, эл аягы узүлбөй Изумрудхан айымдын шыпаасына ишенгендер арбын.

— 2018-жыл кыргыз эли үчүн кандай жылдардан болот? Кандай окуялар орун алат?

— Кыргыз эли үчүн жаңы келген ит жылы ойдогудай жакшы жылдардан болот. Катуу ойлондурган, коркунуч туудурган эч нерсе көрө алган жокмун. Сооронбай Жээнбековдун жетегинде өзүнүн мүнөзүнө окшогон тынч күндөр өкүм сүрөт. Ал өзүнүн ишин жакшы билет. Өзү олуттуу адам экен. Баарына алдын ала акыл калчайт. Баары анын оюндагыдай болот.

— “Жазында курултай өтөт, эл толкуйт” деп жатышат го?..

— Жарандык активистер чыгып, чогулуп, майда-чүйдө көтөрүлүштөр орун алып турат. Бирок бум болгон, бийликтегилердин жүрөгүн түшүрүп, жалпы эл толкуган көтөрүлүш күтүлгөн жок. Элдин маанай азыркы ажосуна ыраазыдай эле көрүнүп турат.

— Жаз башталды дегиче табигый кырсыктар да көбөйөт. Жер титирөө, сел, өткөн жер көчкүдөн бир топ адамдарыбызды жоготуп алдык…

— Аба ырайы тез-тез өзгөрүп турат. Бирде өтө төмөндөп, бирде жогорулап кетет. Мындай аба ырайы адамдардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Ал эми жалпысынан бул жылыбыз үрөй учурган кырсыктардан тышкары болобуз.

— Жакында камактагы саясатчылардын кимдир бирөөсү эркиндикке чыгарылабы?

— Жазаларын алып, дагы отура беришчүдөй көрүнүп жатат. Баарынын эле жолу жабык турат. Эки-үчөөнүн адамдары көтөрүлүш чыгарып, алардын жактоочулары тарабынан ызы-чуулар уюштурулат. Бирок бийлик аларды тез эле басып, айрымдары убактылуу камакка да алынышат.

— Көп адамдар экс-президент Атамбаев менен азыркы президентибиз Жээнбековдун мамилесинин бузулушун күтүп тургандай. Президентибизге карата сый-урматтары да ошого жараша болору эл арасында айтылууда…

— Бийлик, байлык илгертеден эле чыр-чатак, көралбастык, интрига, саткындык менен коштолуп жүрүп отурат эмеспи. “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” болуп, экөөнүн мамилесинин бузулушуна кызыкдар адамдар көп көрүнүп жатат. Менин төлгөмдө жаз алды экөөнүн ортосунан ырк кете баштайт. Мамилери бузулат.

— Кошуна өлкөлөр менен мамлебиз ойдогудай эле болобу?

— Кошуна өлкөлөр менен чырларды көрө алган жокмун. Бирок Кытай өлкөсүнөн коркунуч туулуп турат. Кытай менен мамлени абайлаш керек. Бизге кол салуулары күтүлөт. Талаптары болобу, айтор, Кытай менен мамиледе өтө сак болушубуз керек. Ошол эле коркунучу болбосо, баары ойдогудай, жылдагыдай жай турмушту өткөрө беребиз.

Жамиля МЫКТЫБЕК кызы

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: