Menu

Ферганада милиция ачкачылык жарыялаган дарчыны кармап кетти

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Фергана облусунун администрациясынын алдында ачкачылык жарыялаган белгилүү дарчы жана укук коргоочу Ахад Набиевди кармап кетишти.

“Мен облустук администрациянын аракетине каршы ачкачылык жарыяладым. Акимчиликке жана прокуратурага бир нече жолу кайрылдым, бирок алар жооп беришкен жок. Менин негизги максатым облус акими Шукрат Ганиев менен жолугуу эле. Мен 2002-жылдан бери акимчиликке кайрылып келем, бирок Ганиев менен такыр жолуга алган жокмун”, – деди Ахад Набиев.

Укук коргоочу милиция бөлүмүндө уруксат албай каршылык акциясына чыкканы үчүн түшүнүк кат жазган соң бошотулду.

Ахад Набиев “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргендей, Фергана облус башчысы Шухрат Ганиев аймактагы адам укуктарына тиешелүү маселелерге кайдыгер карап, жергиликтүү укук коргоочулар жана жарандык активисттер менен жолугушууну каалабай келет.

Өткөн аптада Интернетте Ганиевдин катышуусундагы селектордук жыйындан аудиожазуу тараган. Иш-чарада аким автобуста набыт болгон 52 жарандын өлүмү жөнүндө кеп кылып, бийлик жана эл жаштарды Өзбекстанда кармап кала албай, “аймакты уят кылганын” айткан. Андан соң ал кол алдындагыларды “салпаяктар” деп тилдеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: