Өткөн айда Тегеранда ислам дресс-кодуна каршы тынч митингге чыккандан кийин кармалган аял бошотулду. Ирандык укук коргоочу Насрин Сотуде Фейсбукка “Энгелаб көчөсүндөгү кыз бошотулду” деп жазды.
Тегерандын Энгелаб (Революция) көчөсүндө жоолуксуз турган аялдын (аты белгисиз) видеосу Интернетке 27-январда тараган. Видеодо аял ак желегин булгалоо менен милдеттүү түрдө хиджаб кийүү талабына каршы чыккан.
Насрин Сотуде прокуратурага барып, ал аял камактан чыкканын билди.
1979-жылдан тарта Иранда кийим кийүүнүн консервативдүү эрежелери сакталып калган. Бул тартиптерге ылайык, аялдар чачын жаап, узун жана кенен көйнөктөрдү кийүүлөрү зарыл.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ