Menu

Кайрылуу – Жарандык активист Тимур Саралаев Бишкек ЖЭБи боюнча көз карандысыз комисия түзүп, ага жумшалган $386 млн насыяга тыкыр аудит жүргүзүүгө чакырат

Бөлүшүү:

Жарандык коомдун өкүлдөрүнө, жарандык активисттерге, коомдук жана саясий ишмерлерге, эксперттерге жана кайдыгер эмес катардагы жарандарга кайрылуу.

Урматтуу кыргызстандыктар, соңку күндөрдөгү Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырдаал бир топ көйгөйлүү маселелердин бетин ача түштү. Анын ичинде ЖЭБде болгон абдан чоң, ийири өлчөмдөгү коррупцияны, жалпы республика боюнча отун-энергетикалык комплекстин канааттандыруучу деңгээлде иштей албай жатканын, анын катуу суукка даяр эмес экендигин, ошол тармакты тейлеген жетекчилердин кырдаалды ыкчам түрдө жөнгө сала албай калгандары билинип калды. Учурда парламентарийлер, бир катар жетекчилер, өкмөттүн мүчөлөрү суудан кургак чыгуу максатында жоопкерчиликти оодара салуу чараларын көрүп, айрым орун басарлардын жана башка жетекчилерди ээлеген кызмат орундарынан айдаганы жатышат. Ал эми күч жана тергөө органдары кырдаал боюнча кылмыш иштерин козгоп, созулма-жасалма тергөөнү, акыры түшүнүксүз, жыйынтыксыз сот процесстерин жүргүзүшөөрү ачыктан-ачык болуп калды. Мен тергөө менен кийин сот процесси объективдүү, калыс болооруна ишене албай турам, анткени мен жана сиздер дагы билесиңер күч менен тергөө органдары менен, сот системасы кандай авалда, кимден көз каранды, кимдин алдында иш кылаарын. Кыскасы – карга карганын көзүн чукубайт.

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырдаал боюнча бийликтин тандалма, жасалма, буйрутма адистери, эксперттери, билимпоздору менен илимпоздору кандай айткыла десе эми ошондой сайрап беришет, элдин бул баш айлантуулары чукул арада эле башталат. Анткени, бийлик кайра эле жашырып-жабууга баардык чараларды колдонот. Бишкектин ЖЭБде түзүлгөн кырдаалдын негизги себеби, модернизациялоого насыя менен келген 386 млн.АКШ долларын түздөн-түз колдонбошу, ачык эле билинип калды акча туура эмес иштетилгенин, аны калың журт билип эле турат. Балык башынан сасыйт демекчи, акчаны туура эмес иштетүүгө, менин жеке баамымда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер табакташ болгон. Өзүңүздөр билгендей “кара жащик” аркылуу А.Атамбаев ж.б, жетекчилер, былтыр жайда Жылуулук электр борборундагы тетиктердин баардыгы жаңыртылган, бир дагы эски тетиктер жок деп жар салышты эле. Эми болсо билинип жатат, тетиктердин бир тобу Совет доорунан бери алмашыла элек экенин. Коңшу өлкөлөрдөгү ушул эле тармакка бизден бир топ аз каражат коротушуп же жаңы, же, толугу менен оңдоп алышты. Бул дагы КРдагы жогорку кызматтагы алдым-жуттумдардын саясаты жүрүп жатканын белгиси.

Урматтуу кыргызстандыктар, тилектештер, болоор иш болду демекчи, эми алдыга карайлы, маселелердин алдын алуусун ойлонуу мезгили келди. Кайдыгер болуп, соц.тармактардан эле нааразычылыкты билдирүү менен алек боло турган болсок, анда мындай көрүнүштөр тилекке каршы улам-улам боло бериши ыктымал. Кырдаалга себепкер болгон жоопкерчиликсиз, жегич кызматкерлердин кылганы бул биринчиден өзүбүздүн көңүл кош, жоопкерчиликсиз, кайдыгерликтен келип чыкты. Учурда, сиздердей болуп мен дагы бул иш боюнча Жогорку Кеңештин кооз сүйлөгөнүнө, өкмөттүн ачык-айкын, туура иш кылаарына, күч органдар менен сот системасынын калыс жана адилеттүү болооруна көзүм жетпейт. Биз мамлекеттик институттардын милдетин аткара албайбыз, бирок, биз жарандык мыйзамдуу укуктарыбызга тайянып бийликтен бир топ нерселерди талап кыла алабыз.

Аларды, Сиздердин назарыңарга төмөнкү демилге менен иш-чараларды өткөрүүнү сунуш кылат элем:

Бишкектин ЖЭБде болгон кырдаалды толугу менен иликтөө боюнча көз карандысыз, мамлекеттик эмес, коомдук-жарандык комиссияны түзүү. Ага, энергетика боюнча эксперттерди, активисттерди, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн, коомдук ишмерлерди, ар түрлүү тармактык адистерди, журналисттерди жана кайдыгер эмес кызыктар жарандарды кошуу.
Комиссия Бишкектин ЖЭБне кеткен насыя боюнча көз карандысыз финансылык көз карандысыз аудитти өткөрүү, анын жүрүшүн, жыйынтыктарын ачыкка чыгаруу.
Комиссия Бишкектин ЖЭБ техникалык ахвалы боюнча текшерүүнү өткөрүү, ага обьективдүү баа берүү.
Бишкектин ЖЭБде кырдаал боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча, жетекчилердин жоопкерчиликтери боюнча укуктук баа берүү.

Урматто менен, Тимур Саралаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: