Түркмөнстан президенти Балкан облусундагы иш сапары учурунда аймакка жаңы жетекчилерди дайындары күтүлүүдө. Талапкерлер медициналык текшерүүдөн өтүшүүдө жана эткээлдери дароо тизмеден чийилет.
Январдын башында түркмөн президенти республика боюнча ондогон аким жана орун басарларды алмаштырган. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы кабарлагандай, бүгүн Балкан облусу боюнча акимдер жана алардын орун басарлары тандалат.
“Талапкерлердин арасында менин тууганым дагы бар. Эң кызыгы, баарын медициналык текшерүүдөн өткөрүштү, саламаттыктын негизги көрсөткүчү салмак болду. Башкача айтканда толуктарды дароо тизмеден чийип салышты”, -деди ал.
Өз булактын айтымында, сулуулар сынагынын тариптерине жараша өткөн тандоого байланыштуу анын тууганы көп убакыт диета кармаган.
Сулуулар сынагынын принциптери азыр иштеп жаткан аткаминерлерге дагы колдонулат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ