Menu

360 млн. долларга оңдолгон ЖЭБ -25 градус сукка туруштук бере албады

Бөлүшүү:

Өткөн жумада башталган суук Бишкек мэриясынын гана эмес, бүтүндөй кыргыз өкмөтүнүн кандай иштеп жаткандыгын, кышка карата көрүлгөн даярдыгын да кошо кашкайта далилдеп койду. Анткени 26-январь күнү кечинде ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү бир жабдуусунун иштен чыккандыгынан улам “Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскарттууга мажбур болду. Бул авариядан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөдү. Ошол эле учурда социалдык тармактын колдонуучулары суунун температурасы 40 градустун тегерегинде экенин жазып чыгышты. Ал эми аталган ишкана эртеси күнү кечке чейин авариянын себеби аныкталып, шаардыктарга жылуулук талаптагы нормада бериле баштай тургандыгын билдирген менен иш жүзүндө 30-январга чейин үйлөр суук бойдон кала берүүдө. Бул аралыкта өкмөт башчы С.Исаков өзү баш болуп, ЖЭБден кабар алып, күнөөлүүлөр жазалана тургандыгын, жашоочуларга жууркан-төшөк, ысык чай берилерин айтып, элдин нааразычылыгын басуу аракетинен майнап чыккан жок. Деги 360 млн. долларга оңдолгон ЖЭБ -25 градус суукка туруштук бере албаса, анда бул элдин мойнуна илинген акча кайда жумшалган деген суроого ким жооп берет?

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: