Menu

Нурбек: «Өзүмдүн баспаганыма кайылмын, уулум басып кетсе экен»

Бөлүшүү:

Токмок шаарынын тургуну Курманалиев Нурбек тагдырдын оор күндөрүн башынан өткөрүп келет. Өзүнүн майыптыгана карабай, майып баласына кам көрүп, убагында укалоо жасап, дарысын берип жалгыз карайт. Балдарын байлыгым деп жашаган ата менен уулунун тагдырынан кабар алдык.

«Баспай калганымда ажырашууга аргасыз болдум»

– 21 жашымда үй-бүлө курдум. Келинчегим экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Бирок биздин жашоо эмнегедир башынан эле жакшы болгон жок. Келинчегимдин туугандары турмушубузга аралашып, алардын сөзүнө кирип улам кетип, кайра келип отуруп бир уул, эки кыздуу болдук. Өзүбүз жакшы тил табышып, бактылуу жашай электе бизди дагы бир сыноо күтүп туруптур. Менин белим ооруп жүрчү эле. Ошол ирет бел оорум улам-улам козголуп туруп алды. Бир күнү чыдатпай ооруганынан тиешелүү адистерге кайрылсам радикулит жана дагы эки диагноз коюшту. Көп өтпөй кыймылдабай төшөктө жатып калдым. Төшөктө жаткан адам өзгөчө камкордукту талап кылат эмеспи. Ансыз да илең-салаң болуп араң жашап жүргөн аялым андай жоопкерчиликтүү, ары оор жумушту мойнуна албасы айдан ачык эле. Мурда эле кийгилишип жүргөн туугандары: “Оорукчан адам менен жашап эмне кыласың?”-деп айта беришип биротоло ажырашып тындык. Мен “аялыма бердим” деген түшүнүк кат жазып Кеминдеги жашап жаткан үйүбүздү, кичине топтогон жандыктарды калтырып кийимдеримди эле алдым да, үйүмдөн чыгып кеттим. Мени бир тууган эжем өз камкордугуна алып, төшөктөн туруп, өз алдымча басып кеткичекти төрт жыл бакты.

“Жалгыз балам майып болуп калды”

– Үч баламды алып калган жубайым эки кызымды интернатка берип, балам менен эле жашап жүрүптүр. Бир күнү үч жаштагы уулум Тилекти үйгө жалгыз таштап, өзү жумуштары менен кетет. Апасы келгичекти балам көчөдө ойноп жүрө берет. Эшикте ойноп жүргөн кезинде аны унаа сүзүп кетиптир. Тилекке каршы баламды ким, кандайча сүзүп кеткенин билген жан жок, сүзгөн адамды таба алган жокпуз. Окуя күндүз болуп, балам кечинде жамбашы менен жата албай, кыймылдай албай калыптыр. Бирок бул тууралуу келинчегим мага ооз ачкан эмес. Окуя болгондон 15 күндөн кийин тааныштарымдан баламдын баспай калганын уктум. Түнү менен жол жүрүп, туугандарым менен барсам балам үйдө жатыптыр. Туугандарым каражат чогултуп берип, балам менен аялымды борборго ооруканага жибердик. Ооруканага 11лер чамасында келишсе, догдурлар: «Тез арада операция жасатуу керек, сөөгү ириңдеп, чирип баратыптыр»-деп үчтөрдө операцияга киргизишиптир. Операциясы ийгиликтүү өткөнү менен балам баскан жок. Көрсө, уулумдун баспай калышы кырсыктан эмес, ген аркылуу өтүүчү оору экен.

“Балдарымдын апасы кайда экенин билбейм”

– Өзүм басып калгандан кийин туугандарымдын жардамы менен Токмоктон үйлүү болгом. Төрт жыл мурун балдарым мени менен калууну өздөрү каалашып, баарын мыйзамдуу чечип аларды жаныма алгам. Ишке жарабагандыктан уулум экөөбүзгө алган 4500 миң сомдук пенсиябыз менен эптеп жашадык. Аны кыздарымдын мектептеги окуусуна, тамак-ашка үнөмдөп отуруп жеткирчүбүз. Ал эми апасы балдарына энелик мээрим төккөн эмес. Эне-баладай болбой салкын мамиле кылчу экен. Балдарым кыйынчылыкта, ата-эненин сүйүүсү жетишпей чоңоюшту. Алар азыр апасын издешпейт, табууну деле каалашпайт. Апасынан ошол бойдон дайын жок. Кайда, эмне кылып жүргөнүн билбейбиз. Бизге андан алысыраак болуп, ал жөнүндө билбегенибиз эле жакшы.

“Балдарым өз жандарын өздөрү багып калышты”

– Кыздарым 19, 22 жаштарда. Бири тикмечи болуп иштейт, бири Юридикалык академиянын биринчи курсунда окуйт. Өздөрү акча төлөп борбордо батирде турушат. Кыздарымды убагында жогорку окууда окута албаганыма кыжалат болуп, ойлонуп жүрчүмүн. Күзүндө бир тааныш эже кызымды окууга киргизип, акысын төлөп берип окуп калды. Тилек 7-класс болуп калды. Аны мугалимдери үйгө келип окутушат. Мектепке Жаңы-жылдык балаты, акыркы коңгуроо сыяктуу майрамдарда эле барат. Уулум тогуз жашында китептен ширеңкеден жасалган эки кабат үйдү көрүп жактырып калыптыр. Аны карап тиш чукугучтан жасаса окшошуп, улам жасап отуруп кызыгуусу артып кетти. Тилектин кол өнөрчүлүк менен алек болуп жүргөнүн кошуна бала байкап, уюлдук телефонуна сүрөткө тартып интернетке чыгарып коюптур. Ошондон кийин кызыгып сатып алгандар арбыды. Албетте, алар уулума жардам берүү ниети менен сатып алып жатышат. Ошол учурдагы социалдык коргоо министри 100 АКШ долларына, башка жарандар 5000, 2000 сомго баалап алып, материал катары балмуздак таякчаларын кошо алып келип беришкен. Азыр жасаган үйлөрү да чоңоюп калды. Мурда өзүбүз үчүн, үй ичин кооздогонго жасаса, азыр кардарлага жасайт. Алар канча берсе да жүрөгүнөн чыгарып берсин дейбиз. Уулум алгебра сабагын жакшы көрөт, келечекте бизнесмен болгусу келет.

“2 жылдан кийин болуучу операциядан үмүтүбүз чоң”

– Чет жердеги ооруканаларга кайрылганыбызда: “Убакыттан уттурупсуңар, мурда анча коркунучтуу эмес болчу экен эми операциядан кийин басып кетерине кепилдик бере албайбыз” – дешкен. Жергиликтүү догдурлар балам 16 жашка чыкканда муундарын алмаштыруу боюнча бекер операция жасап беребиз деп, квотага тургузуп коюшту. Кезегибиз келгичекти балам 16га да чыгып калат экен. Азыр ошого кубанып турган чагыбыз. Эки жылдан кийин болуучу операциядан үмүтүбүз чоң. Меники го айыккыс дарт, уулумду бастырып алсам арманым жок эле. Мага баламдын басып кетүүсүнөн башка эч нерсенин кереги жок. Азыр белим бүгүлбөсө да өзүм баса алам. Ошого Кудайга шүгүр дейм. Бирок оор жумуштарды кыла албайм, кылууга да болбойт. Кээде эле айдоочу болуп иштей коем. Бирок андан жарытарлык деле акча түшпөйт. Ошондой болсо да уулум экөөбүз Жараткандын буюрган күнүн көрүп жашап атабыз.

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы

Булак: Леди.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: