Menu

АКШ Ирактагы аскерлеринин санын кыскартууда

Бөлүшүү:

Иран бийлиги “Ислам мамлекети” экстермисттик тобун жеңгенин жарыялаган соң, АКШ бул өлкөдөгү өз аскерин кыскарта баштады. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү 5-фервралда маалымдады.

Саад аль-Хадитинин айтымында, жихадчыларга каршы күрөш аяктады, буга байланыштуу америкалык аскерлердин саны кыскарат.

Хадити өлкөдөн америкалык аскерлерди чыгаруу жараяны жаңы башталганын маалымдады. АКШ жетектеген коалицияда келишим менен кызмат өтөгөндөр дагы бул кабарды тастыкташты. Алар АКШ аскерлери, курал-жарактар Ирактан Ооганстанга көчүрүлүп жатканын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, өткөн аптада ондогон америкалык аскер Ирактан чыгып кеткен.

Кошмо Штаттар Ирактагы жихадчыларга алгачкы жолу 2014-жылы чабуул жасаган, андан кийин Мосулду экстермисттик топтордон кайтарып алууда Ирак аскерлерине колдоо көрсөткөн.

Пентагондун өткөн жылдын ноябрында жарыялаган баяндамасында сентябрга карата Иракта 8900 АКШ аскери бар экенин айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: