Menu

Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Өзүм деле коомдук унаанын кызматын пайдаланам”

Бөлүшүү:

–Акылбек Үсөнбекович, кесиптешиңиз Камчыбек Жолдошбаев айрым депутаттардын коомдук унаада жүргөнүнө уялып жатканын айтты. Сиздин пикирди уксак?

–Ар ким мїмкїнчїлїгїнө жараша жүрөт да. Депутатбы, жөнөкөй адамбы ким болбосун шартына карайт да. Унаасы бары унаа менен келсе, айрымдар маршрутка, такси, автобус менен келе берет дегендей. Жолдошбаев кандай ойдо айтты билбейм, жеке мен коомдук унаада депутаттардын жүргөнүнө уялбайм дагы, таң калбайм дагы.

–Өзүңүз акыркы жолу качан коомдук унаага тїштїңїз эле?

–Ооба, кээде түшөм. Жекшемби күндөрү айдоочумду күтүп калганча деп маршруткага түшүп кете берем. Айрым учурда кичинекей кызымды ээрчитип да түшөм. Азыр бизден баардык айдоочуларды алып салбадыбы. Өзүм көп эле машина айдаганды жактырбаймын. Андыктан туш келген коомдук унаанын кызматын сөзсүз колдоном.

–Депутаттардын кызматтык унаалары боюнча маселени кайра карап чыгууга каршы экенсиз да демек?

–Жогорку Кеңеш кызматтык машиналардан баш тартып коомго чоң сигнал берди. Муну башка мамлекеттик кызматтагылар улап кетсе болмок. Мисалы, өкмөттөгүлөр, сот тармагындагылар жана башка мамлекеттик жогорку кызматтагылар баш тартып бюджетти үнөмдөсө болмок. Тилекке каршы депутаттардын кызматтык унаасын алып коюу жөн саясат гана болуп калды. Ал унаалардын баарын сатып бала бакча, же үй жайы жокторго үй салып берсе жакшы болмок деп ойлойм. Тескерисинче бизден тартып алып башкаларга берип койду. Алар деле өкмөттүн эсебинен бензин куюп, айдап жүрүшөт. Бул жерде эмне утуш болду деген суроо туулат?! 120 депутаттын баардыгына дебейм, кээ бирлерине, мисалы машинасы жокторго кызматтык унаа берип деле койсок болмок.

Камчы Кадыров

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: