Ааламдык атагы бар айтылуу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эң мыкты токтомун токуду. Ал токтомунун негизинде төмөнкүдөй иш-чаралар бекитилди:
- Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына байланышкан темада жаштар арасында эң мыкты адабий чыгармаларга (аңгеме, эссе, повесть) сынак жарыяланат. УИА, ММТМ, Жаштар иштери жана спорт агенттиги, КРнын Улуттуктук Жазуучулар Союзу (макулдашуу боюнча), КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу. Байге фонду 1 303 696 сом.
- Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын иликтеген эң мыкты студенттик изилдөө боюнча улуттук сынак өткөрүү. БИМ, УИА жооптуу. Байгеси 1000 000 сом.
Айтматовду аздектеген, чыгармачылык чымындары тынчтык бербеген жаштар чамдагыла!
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ