Menu

Сапар Аргымбаев, Саясий туткундарыд коргоо комитетинин жетекчиси, коомдук ишмер: “Сот баш кесер желдетке айланганына күбө болуп жатабыз…”

Бөлүшүү:

– Камактагы саясий ишмерлер Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбеков жана Д.Сарыгулов шаардык сотко берген апелляциялык арызы калыс каралбай, сот А.Момуналиев бир беткей бийлик тарапты колдоп, адвокаттарды кагып, сот отурумдарын каалагандай калчап, мыйзам талаптары менен эсептешпей, кылмыш-процессуалдык Кодексти тебелеп жатканы жөнүндө айтып чыгышты. Процессти башынан бери байкап келаткан адам катары айтсаңыз, камактагы саясатчылардын билдирүүсү чындыкпы?

– Бул иштин башталышын эстесек, 2016-ж., март айынын аягы-апрель айынын башында баардык телеканалдар байма-бай, тынбай сүрөттөрү менен үн жазуулар коштогон кыска видеотасма көрсөтүп, К,Кадыров, Б.Асанов, Э.Карыбеков, Д.Сарыгулов биригип, “бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүшкөн”- деп жарыялап, жалпы элди ишендирип, атүгүл элдин наарызычылыгын жараткан эле. Жалпы элге көрсөтүлгөн бул видеотасма жалган, жасалма, чындыкка дал келбегени, мыйзамдарды одоно бузуу менен жасалганы соттук териштирүүдө далилденгенин адвокаттар далай жолу айтып чыгышбадыбы.

Демек, жасалма, жалган, мыйзамсыз, чындыкка дал келбеген видеотасманын негизинде жүргүзүлгөн тергөө калыс, адилет, мыйзамдуу болобу?

Албетте, болбойт!

Жасалма, жалган видеотасманы тергөө материалдары менен далилдеп бериш үчүн тергөө тобу төбө чачты тик тургузган мыйзам бузууларга барганга аргасыз болгону да соттук териштирүүдө ачыкка чыгып, далилденди.

Ал эми тергөө материалдары мыйзамсыз, далай мыйзам бузуулар менен жүргүзүлсө, анын негизинде чыгарылган сот өкүмү мыйзамдуу, адилет, калыс болобу? Албетте, болбойт!

– Ушул жагдайга байланыштуу соттук териштирүү калыс, адилет болсун деп, соттолуучулар тергөө тобун жетектеген адамды сотко келип, суроолорубузга жооп берсин деп суранып жаткан турбайбы?

– Соттолучулардын, адвокаттардын бул өтүнүчү мыйзамдуу. Бирок, тергөө тобун жетектеген адам суроолорго жооп бере албасы, абийири айрандай төгүлүп уят болоору алдын ала белгилүү болуп турбайбы.

Эң негизгиси, 40-50 суроого тергөө тобунун жетекчиси жооп бере албаганы сот отурумунун протоколунда жазылып, калса, сот бийликтин тапшырмасын аткара албай, күнөөсү жок соттолуп жаткан патриотторду күнөөлүү деген өкүм чыгарганга өтө оор болуп калаарын билип, сот Момуналиев ар кандай болбогон шылтоолорду айтып, тергөө тобун жетектеген адамды чындыктан коргоп алып жатпайбы!

– А мүмкүн тергөө тобун жетектеген адамдын далилдери бардыр?

– Болсо сотко келип, далилдерин айтып, соттолуучулардын күнөөсүн мойнуна коюп бербейби? Сотко келбей, качып жатпайбы! Дастан Сарыгулов Кадыров, Асанов менен акыркы жолу 2013-жылы соода борборунда кокусунан жолугуптур. Андан бери телефон аркылуу да сүйлөшпөптүр! Тергөөчү болсо “2016-жылдын башында Сарыгулов, Кадыров, Асанов менен биригип үч ай бирге бийликти басып алууга даярдык көргөн”,- деп, калпты ышкыртып, жанын жеп жатпайбы!

Күбөлөрдү ушунча кыйнап, тергөөгө керектүү көрсөтмөлөрдү алганы, эртеси күнү күбө ооруканага жатып, эки ай дарыланганы, тергөө тобу дагы далай мыйзам бузууларга барганы сотто далилденгенин адвокаттар чыркырап, чындыкты айтып жатпайбы, мен аларга токтобоюн, “Азия ньюс”, “Ачык саясат”, “Алиби” жана башка гезиттер, “Жаңы Ордо”, “Res Publica” бир нече жолу жазып чыкпадыбы!

– Коомчулукта “палач” деген каймана от менен белгилүү Момуналиевдин өкүмүн Жогорку Сот жокко чыгарганын өткөн жумада гезиттен окудум, ардагерди милициянын майору кордоп, ыдык көрсөтүп, куугунтук кылса, майордун пайдасына өкүм чыгарган Момуналиев турбайбы! Эл баскан жерде чөп өспөйт” – дегендерден окшойт…

– Текебаевдин апелляциялык арызын карап, өкүм чыгарган да Момуналиев. “Калк айтса калп айтпайт”,- деген сөздү кыргыз бекер айткан эмес окшойт…

– Жакында алты генералдан турган коомдук эксперт тобу саясий туткундарды коргоо комитетинин кайрылуусун карап, чыгарган корутундусун окуп алып, жакамды кармандым… Ой-тобоо, Кыргызстанга Берия кайра тирилип келген экен деген ойго келдим… МВД, ГКНБны бир нечен жыл жетектеген эки генерал-лейтенант, экс-генпрокурор, генерал-майор, ГКНБнын жетекчисин мурдагы орунбасары генерал-майор, Жогорку Кенештин мурдагы эки төрагасы, эки генерал-лейтенант – баары бир пикирге келип, жогоруда аты аталган саясатчыларга айып мыйзамсыз коюлган дешти. Корутунду гезиттерге басылып чыкты. Мыйзам иштебей, тебеленген коомдо жашап жатабызбы?

– Тергөөчүлөр менен соттун сабатсыздыгын бир эле фактыдан байкаса болот. Соттолуучуларга “бийликти күч менен кармап туруу” жана “конституцияны күч менен өзгөртүү” деген айыпты коюшту.

Көрсө, бийликти күч менен кармап туруу – бул бийликтеги адам жаңы шайланган адамга бийликти өткөрүп бербесе гана мындай айып коюлат экен! Жумушсуз төрт адам колундагы жок бийликти кантип жана кайсы күч менен кармап турмак эле?!

“Конституцияны күч менен өзгөртүү” деген айып бийликтеги адам кол алдындагы аскер күчтөргө таянып, референдуму жок, Жогорку Кенешти аттап, күчкө салып (указ же декрет менен) Конституцияны өзгөртөм десе коюлат экен.

Биринчи май райондук соту жети ай териштирүүдөн кийин “бийликти күч менен басып алууга катыштыгы жок” деп, бул айыпты Сарыгуловдон, Карыбековдон алып салды, бирок “билип, жашырып койгон”,- деп, 4 жылга аларды кести.

Мыйзамда жазылган: “Кылмышты жашырган – же кылмышкерди, же кылмыш куралын, же кылмыштын изин жашырган таанылат” – деп. Бирок, “белги – материалдык, физикалык буюм, нерсе болууга тийиш”- деп көрсөтүлөт.

Тергөө материалдарында үч белгинин бири да жок.

Чын эле сот “палачка” айланганына күбө болуп турабыз.

Сарыгулов, Карыбековдун “бийликти күч менен басып алууга тийешеси жок” деген соттун аныктоосунан кийин, кантип Кадыров, Асанов бийликти эки эле адам күч менен басып алышы мүмкүн? – деген суроону бир дагы адам бербейт. Текебаевдин 150 тарапкерлери жолду жаба албай коюшса, “эки адам бийликти басып алууну көздөгөн”- деген айыпка келесоо гана ишенбесе соо адам ишенбейт да.

Бирок сот ишенмек түгүл, Кадыров, Асановду ар бирин 12 жылга эркинен ажыратпадыбы!?

– Биринчи май райондук соту өкүмүндө “2005, 2010-жылдары элдик толкундоолор менен өлкө жетекчилери күч менен алмашылган”- деп жазганы чынбы?

– Чын. Тынч, куралсыз, митингге чыккан патриотторго бийлик өзү биринчи күч колдонгон: 2005-ж. таш ыргыттырып. 2010-ж. аёсуз ок жаадырып. Эл коркпой, качып кетпегенден кийин Акаев да, Бакиев да мыйзамсыз кылган зомбулукка жооп береерин билип, аман-соо, өз ыктыяры менен өлкөдөн качып кетишкен.

Сот Боромбаев кайсы элдик толкундоор жөнүндө жазып жатат? Эмне үчүн элди күнөөлөп, Акаев менен Бакиевди актап жатат? Андай болсо соттолгон Турсункулов, Сатыбалдиевди актап, Суталинов, Дунганов ж.б. эркиндикке чыгарыш керекпи?

Элге берген убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эми тымызын Бакиевди актап, ачыктан ачык сот өкүмү аркылуу элди күүнөөлөй баштадыбы?

– Тергөө далай одоно мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнү сотто ачыкка чыкканын адвокаттар бир нече жолу айтып, билдирип чыкты. Мунун себеби эмнеде? Алар билет да эртеби-кечпи бул мыйзамсыз иштерине жооп берээрин?

– 2016-ж. апрель айында президент “бүт өлкө уксун” деп, “Кадыровдун, Асановдун орду түрмөдө”- деп айтпадыбы.

Бул Башмыйзамды түздөн-түз бузуу деп бааланат.

Бирок, ушул сөзүнөн кийин тергөө, сот мыйзамдуу, адилет болушу мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес.

Тергөө да, соттор да айла жоктон бийлик буйрук берген өкүмдү чыгарып жатпайбы!

– “Саясий туткундардын саны 30дан ашып кетти” деп гезиттер жазып жатат. Алар чын эле мамлекетке ушунча зыян келтирип, коркунуч жаратып жатабы? Же маселе интернетке чыгып, аны 680 миң адам окуган маалыматтабы?

– Кандай маалымат, мен билбейт экем?

– Кыргызстандагы АКШ мамлекетинин мурдагы элчиси Стивен Янг ачык айтып чыкты го, “психика жагынан Турциядагы аскер госпиталында дарыланган жана ичимдикке байланыштуу маселери бар болчу” деп. Отунбаева айтты го, “Кыргызстанда ачуусу тийбеген, заары төгүлбөгөн, кемсинтип, мазакталбаган адам калбай калды”- деп.

– Жакынынан билбеген үчүн мен эч нерсе айта албайм. Бирок, жанында жүргөн далай үзөңгүлүштөрү абакка кесилип жатканын бүт эл көрүп, билип жатпайбы. Жакшы адам мынча жамандыкка барбайт эле деп ойлойм.

– Ушул комитетти жетектөө азаптуу иш экени белгилүү. Эмне үчүн сиз ушул оор жүктү көтөрүп келатасыз?

– Адилет, каластык, акыйкат үчүн. Балдарымдын, неберелеримдин, элимдин, өлкөмдүн келечеги үчүн. Кыргыздын намысы үчүн.

Нооманжан Аркабаев

Булак: “Майдан. kg” гезити

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: