Постсоветтик өлкөлөрдө адам укуктарынын бузулушун чагылдырган англис журналисти Маделайн Роуч Симферополь соту тарабынан айыппулга жыгылды. Свобода радиосу кабарлагандай, аны Орусия тарабынан аннексияланган Крымдан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Роучту 7-февралда Симферополдогу хостелдердин биринде кармашкан. Журналист Орусия ТИМинин уруксаты жок Крым аймагында жүрүүгө айыпталган. Ал Орусияга кирип-чыгуу тартиптерин бузуу беренеси боюнча айыппул төлөөгө милдеттендирилген.
Полициячылар чакырган адвокат журналистке күнөөсүн мойнуна алып, айыппул төлөп жана Крымдан чыгып кетүүнү сунуштаган. Роуч кимдир бирөөдөн редакциялык тапшырма албаганын, макалаларынын каармандары менен таанышуу үчүн гана Крымга келгенин айткан. Полиция журналист крым-татар саясий туткундардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууларын видеого тушүрүп, телефон аркылуу жөнөткөнүн билдиршкен.
Журналист төрт миң рубль айыппул төлөп, жарым аралдан ошол эле күнү чыгып кетти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ