Menu

Расул Умбеталиев, эксперт: “Бишкек ЖЭБдеги көмүр коррупциясы боюнча Атамбаевдин командасы камалса, азыркы айрым жетекчилер ошол схемага олтуруп жатышат”

Бөлүшүү:

– Расул мырза, сиз Бишкек ЖЭБге Казакстандан көмүр сатып алуу боюнча тендердин мүчөсү экенсиз. Тендердик комиссия казактардын ТОО “КонтактУглеПром” деген компаниясын жеңүүчү деп тапты. Комиссиянын ичинен жалгыз сиз бул чечимге каршы экенсиз. Кандай мыйзам бузуулар менен тендер өттү деп эсептеп жатасыз?

– 5-сентябрда тендердик комиссиянын мүчөлөрү жыйында ТОО “КонтактУглеПром” деген компанияны жеңүүчү деп чечим кабыл алды. Бул жерде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамы одоно түрдө бузулуп жатат. Ошондуктан каршы болдум. Себеби, мурунку “Прогресс компани”,”Рассвет компани” ЖЧКлары алып келген “Шабыркүл” көмүрүн алып келсе,”КонтакгУглеПром”дагы ошол эле көмүрдү алып келмей болууда. Комиссиянын мүчөлөрү биринчи пакетти ачканда эле “КонтакгУглеПромду” жеңүүчү деп кабыл алды. Мында дагы мыйзам бузуулар болгон. 1 пайыздык атайын төлөмдөр үчүн казак компаниясы 79 млн теңге төлөш керек болчу, алар 79 млн доллар деп койгон. Тендердин жетинчи квалификациялык талабы боюнча жалпы баанын 20 пайызы боюнча келишим түзүш керек эле. Тактап айтканда, “КонтактУглеПром” компаниясынын 284 млн сомдук көмүрдү башка компанияларга саттык деген келишими болушу керек болчу. Башка компанияларга көмүр саттык деген 12 келишими бар экен, аларда көмүрдүн көлөмү жок, көмүрдүн бир тоннасынын баасы жазылган эмес, жалпы канча суммага көмүр сатканы көрсөтүлбөгөн. Көмүр саткан мезгили жазылбаптыр. Компания 2 жылдык балансты көрсөтүш керек эле. Тендердик комиссиянын менден башка мүчөлөрү 7-талапты аткарбаган “КонтактУглеПромду” аткарды деп бухгалтердик баланс менен АКТ сверканы тиркеп, мыйзам бузган чечим кабыл алды. Квалификациялык бир талапты экинчи талап менен алмаштырган болбойт. Бухгалтердик баланс менен АКТ сверка эсептик документ, анда канча көмүр сатканы жазылган эмес. Жетинчи квалификациялык талапта башка компанияларга 284 млн сомго көмүр сатканы көрсөтүлүш керек деп так жазылып жатат. Буга тендердик комиссиянын алты мүчөсү көздү жумуп, биринчи этапта “КонтактУглеПром” техникалык талапка жооп берет деп чечим кабыл алышты. Мен ал чечимге кол койгон жокмун. Тендерге катышкан башка 4 компанияны булар квалификациялык, техникалык талаптарга жооп бербейт деп биринчи этапта эле чаап түшүшөт. Экинчи этапка жалгыз “КонтактУглеПром” өтөт. Анткени, экинчи этапта кайсыл компания бааны арзан койсо, ошол жеңүүчү болот. “КонтактУглеПром” экинчи этапка жалгыз чыккан соң, кандай бааны койсо дагы жеңишке ээ болду. Бул компания көмүрдү Казакстан менен Кыргызсган чек арасы болгон Луговая станциясына чейин жеткизүү үчүн 1 млрд 27 млн сомду сунуштаган. Луговаядан Бишкек ЖЭБге чейин алып келүу үчүн темир жолдун төлөмдөрү, салыктар, растаможканы эсептегенде “Электр станциялары” ААКсы тендерге койгон баасынан кичине эле айырыма болот. Тендерге катышкан башка компаниялар ТОО “СОМСО Маrketing КZ” 70 млн сом, “Бишкек кемүр соода үйү” дагы 70 млн сом “КонтактУглеПромдон” арзан сунуш кылганы билинип жатат. Тендердин экинчи этабына ушул үч компания чыкканда “КонтактУглеПромдон” башкасы жеңүүчү болуп калышы мүмкүн эле. Бул жерде Өкмөттөгү кээ бир адамдар, “Электр станциялары” ААКнын кызматкерлери, Улугтукэнерго холдингдин адамдары мурунку “Рассвет компани” ЖЧКсы “Шабыркүл” көмүрүн мыйзамсыз жол менен алып келип, мамлекетке чоң зыян келтирген коррупциялык схеманы уланткандай болуп, “Шабыркүл” көмүрүн алып келе турган компанияны түздөн-түз колдоп жатат.

– Сиз комиссиянын мүчөсү болуп туруп, 5-сентябрда тендердин жеңүүчүсү аныкталарын билген эмессизби?

— Мен башка тендердин дагы мүчөсүмүн. 3-сентябрда ошол комиссиянын жыйынына баргам. “Электр станциялары” ААКнын бөлүм башчысы Чыңгыз Мырзакматов “400 миң тонна боюнча комиссиянын отуруму болбой калды. Мамлекеттик сатып алуу порталы иштебей жатат, ошондуктан белгисиз” деп мага айткан. Башка комиссиянын мүчөлөрү жашыруун чогулушуп, “КонтактУглеПромду” одоно мыйзам бузуу болуп жатса дагы жеңүүчү деген чечимди кабыл алып жатышат.

– “Электр станциялары” ААКнын кызматкерлери тендердин алдында Казакстанга барып “Шабыркүл” көмүр кенинин кожоюндары менен сүйлөшүп келген” деп айттыңыз. Сүйлөшүү кандай нукта жүргөн?

– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттен, “Улуттук энергетикалык холдингден”, “Электр станциялары” ААКсынан комиссия түзүлүп, 2-июлдан 9-июлга чейин Казакстанга көмүр казган компанияларды изилдөө максатында барышкан. Бирок, булар “Шабыркүл” көмүр кенине барышып, жетекчилери менен сүйлөшүшкөн. Комиссия Казакстанга болгон иш сапарынын отчётун бергенден кийин “Электр станциялары” ААКнын жетекчилери 400 миң тонна көмүргө тендерди жарыя кылып жатат. Мындан мурун жарыя болушу керек эле. “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев көмүрдү “Шабыркүлдөн” алабыз дегени боюнча мага кабар берген. 2014,2015,2016-жылдары Таалайбек Толубаев “Электр станциялары” ААКнын башкы директору болуп иштеген. “Прогресс компани”,”Рассвет компани” ЖЧКлары мыйзамсыз көмүр алып келгенде, бул адамдын катышуусу болгон. Ошол компанияларды колдоп жүргөн. Мурунку коррупциялык жолдорду азыр дагы улантып жатат. Эгер “Шабыркүлдөн” көмүрдү ортомчусу жок түз алганда 7 млн доллар үнөмдөлөт эле. Мурунку “Рассвет компани” ЖЧКсынын ордуна “КонтактУглеПром” иштегени жатат. Өкмөттөгү адамдар кылмыш иши ачылып, Казакстанда качып жүргөн “Рассвет компани” ЖЧКсынын ээси “Болот Абировду тапкыла, ал качып кетсе, баласы Бишкек шаардык кеңеште олтурат, аны чакыргыла. “Шабыркүлдүн” көмүрүн алып келишибиз керек” деп айтканын тендердик комиссиянын арасындагы мен угуп алып, кайсыл жактан шамал согуп жатканына, жогор жактагы адам тендер өткөргөн ишканага ушундай дагы буйрукту бере алабы деп таң калгам. Комиссиянын арасында көп сөздөр бар. Жакында ачык айтабыз го.

– Бишкек ЖЭБге мыйзамсыз көмүр алып келүү боюнча экс-президент А. Атамбаевге айып тагылып жатат. Андан башка бир топ адамдар камакка алынган. Атамбаев башында турган көмүр коррупциясын азыркы жетекчилер улантып жатат деген пикирди айтып жатасызбы?

– Мурунку премьер-минисгр С. Исаков, “Улуттук энергетикалык холдингдин” башчысы А. Калиев, “Электр станциялары” ААКнын мурунку директорлору мыйзамсыз көмүр алып келгенге тийешеси болгон. 17-июлдан баштап бул боюнча Аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоп, азыр тергөө жүрүп жатат. Мурунку тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү да жоопко тартылууда. Көмүр коррупциясына аралашкандардын баары камалды. Бирок, коррупциялык схема уланып жатпайбы. Бул деген жаңы бийликтеги жетекчилер эски схемага олтуруп, ири суммадагы каражатты сол чөнтөгүнө салып жатат.

– Ушул иштин артында кайсыл чиновник турары жөнүндө кызыгып көрдүңүзбү?

– “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаевдин түздөн-түз байланышы бар. Ал тендердик комиссиянын ишине кийлигишкен, комиссия мүчөлөрүнө тапшырмаларды берген. Мага дагы тапшырма берип, өз таасирин тийгизгенге аракет кылган. Муну ачык айтышыбыз керек. Мен көмүр өз мөөнетүндө келбей калса, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дагы жоопкер болот деп айтып жатам. Себеби, Өкмөттүн күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү боюнча токтомунун негизинде Казакстандын көмүрү май айында 10 миң тонна келиши керек эле. Сентябрдын экинчи ондугу башталып жатат, бир тонна көмүр келген жок. Азыр Казакстандан келчү 400 миң тонна көмүр келеби же жокпу деген күмөн бар. Себеби, “КонтактУглеПромду” тендердик комиссия мыйзам бузуу болсо дагы жеңүүчү кылып жатпайбы. Утулган компаниялар көз карандысыз мекеме аралык комиссияга арыз жазып кайрылганга мүмкүнчүлүгү бар. Бул комиссиянын чечимине макул болбосо райондор аралык сотко кайрылышы ыктымал. Ошентип 2-5 айга созулат. Өкмөттөгү адамдар “Шабыркүлдүн” олигарх кожоюндары менен көмүр алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болгон. Казактар “Биз сентябр-октябрь айларында көмүр бере албайбыз. Силерге көмүр бербей коюшубуз да мүмкүн” деп айтышат.

– “КонтактУглеПром” менен “Шабыркүл көмүрдүн” түзгөн келишими бар да. “Шабыркүлдүн” кожоюндары келишимди аткарбай коюшу да мүмкүнбү? Же бул келишим “фиктивный” болуп калабы?

– “КонтактУглеПром” мурунку “Рассвет компани” ЖЧКсы, “Шабыркүлдүн” олигарх кожоюндары менен түздөн-түз байланышы бар. Булар кантип бири-бирин сотко бермек эле? Кээ бир адамдар сиз айткандай көрсөтүлгөн келишим “фиктивный” деп да айтып жатышат.

– “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Таалайбек Толубаев меңен жолуктуңузбу?

– Бир ирет жолуктум. “Шабыркүл” көмүрүн алып келбегиле, азыр бул боюнча кылмыш иш козголуп, чатакка айланып жатат, башка көмүр кендеринен алгыла деп айтсам, “Шабыркүлдөн алабыз, башкалардан албайбыз” деп туруп алды. Сен мурунку башкы директордой камалып калышың мүмкүн деп да айттым. Тоготпой койгон.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: