Menu

Аманкулов коррупцияга баткан агенттикти тазалайбы?

Бөлүшүү:

Мирослав Аманкулов Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Ал бул тармакты жакшы билген, тажрыйбасы мол кадрлардын бири экени көпчүлүккө маалым. 1983-жылы Украина мамлекетинин Айыл чарба академиясын, 1996-жылы улуттук университеттин юридикалык факультетин аяктаган. Төмөндө Аманкуловдун буга чейинки иштеген иштерине көз чаптыралы:

1983- жылы эмгек жолун Жумгал райондук токой чарба бөлүмүндө иштөөдөн баштаган. 1985-1987-жылдары Нарын мамлекеттик токой чарба коругунун жетекчисинин орун басары. 1987-1991-жылга чейин партиялык жооптуу кызматтарды иштеген. 1991 -жылдан кайрадан токой чарба тармагында жана өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалап иштеп келет. 2008-жылы бир жылга жакын Свердлов районунда аким, 2010-жылы кыска убакытка Айлана чөйрөнү коргоо агенттигин жетектеген. 2010-жылы “Таза табият” партиясын түптөгөн. 2013-2018-жылдары Ысык-Көлдөгү Биосфералык аймакты башкарган. 2018-жылдан 2019-жылдын 6-сентябрына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрине караштуу “Витязь” мамлекеттик ишканасында директор. Мирослав Акалович мына ушунча тажрыйбасы менен коррупцияга кокосунан батып кеткен токой чарба агенттигин тазалап, өнүктүрүшү зарыл. Биз Мирослав мырзанын бул түйшүктүү ишине ийгилик каалайбыз!

Эске сала кетсек, аталган агенттикти 2016-жылдан бери жетектеп келаткан Рустам Абдыкалыков жакында пара менен кармалган. Ал Кыргызстандын токой чарбасы менен экологиясын талкалаган, сындан башы чыкпаган жетекчи катары тарыхта калды десек жаңылышпайбыз.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: