Menu

Бишкек ЖЭБге дагы 600 миллион доллар керек экен…

Бөлүшүү:

Бишкек жылуулук электр борборунда  суу бөлүштүрүүчү жабдуу 26-январдын кечинде иштен чыгып, шаар тургундары кыштын 25-30 градус суугунда жылуулук жок муздак үйлөрдө өкмөттүн дарегине «алкыш» айтканга аргасыз болушту. Эң негизги элдин жүрөгүн өйүгөн маселе, 386 миллион долларга модернизация болгон ЖЭБдин 25 градус суукка туруштук бере албай аварияга учурашы болду. Ошол эле кезде 386 миллион доллардан тышкары 2016-жылы 473 млн. сом, 2017-жылы 405 млн. сомдой жалпылап алганда ЖЭБдин ремонтуна эки жылда мамлекеттик бюджеттен 1 млрд. сомго жакын акча бөлүнгөн.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын Экспорт-импорт банкы насыя катары берген. Ишти Кытайдын TBEA компаниясы жүргүзгөн. Ошол кезде эле Жогорку Кеңеште “ЖЭБди оңдоп-түзөө иштеринин алдында техникалык-экономикалык негиздеме ачык көрсөтүлбөй калган” деген сын пикирлер айтылган. Былтыр сентябрда Эсеп палатасы “Электр станциялары” ишканасынын 2015-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерген учурда 386 миллион долларлык келишим түзүлгөн маалда ЖЭБди реконструкциялоого кеткен чыгымдардын эсеп-кысабы менен сметасы жок болгонун жарыялаган.  Көрсө ЖЭБди жаңылоо долбоору башынан мыйзам бузуу менен башталган тура. Башынан кыйшык башталган иштин аягы авария менен жыйынтыкталды. Мамлекеттин мойнуна 386 миллион доллар карыз илинип, «иттен жок же ит байлаган жиптен жок» калды. Бул жердеги коррупция көзү сокур адамга да кашкайып көрүнүп турат. Буга Бишкек жылуулук электр борборунун 30% модернизациялаган кытайлык ТБЕА ишканасы эки жыл  мурун Тажикстанга 350 миллион долларга биздикиндегидей эле кубаттуулукта жаңы ЖЭБ куруп бергени ачык мисал болот.

ЖЭБде авария болбогондо, биздин алкы бузук, тойбогон аткаминерлердин 386 миллион долларды сиңирип кеткен кылыгы билинбей калмак окшойт. Өкүнүчтүүсү коррупциянын болгону көрүнүп турганына карабастан, шалаакылык менен кылмыш иши козголуп, жемкорлукту көрмөксөнгө салуу аракети эмитеден башталды. Кыязы, балык башынан сасып жатат окшойт. Болбосо өкмөт башчысы Сапар Исаков Жогорку Кеңеште Бишкекжылуулук электр борборундагы кырдаал, аны модернизациялоо боюнча айтылган сын пикирлерди жанына жуутпай, «ЖЭБди жаңылабасак, шаарда коллапс болмок»,баарына насос күнөөлүү дегендей жүйө келтирип оозун куу чөп менен аарчып, Энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевге окшогон шектүүлөрдү коргоп, иш  билги кадр катары сыпаттамак эмес.

Кызыгы, коомчулук 386 миллион доллар кайда кетти деп жер муштап жатканда «Бир Бол» фракциясынын Акылбек Жапаров күнөөлүүлөрдү издеп отура бербей, ЖЭБди толук жаңылаш үчүн дагы 250 миллион доллар дагы карыз алууну сунуш кылып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ичип-жегендери аш болсун дегенди айтып чыкты. Сыягы, балыкчы-балыкчыны алыстан тааныйт болуп, мен деле 200 миллионго жооп бербей кылым кыйшайбай жүрбөймүнбү дегенди кыйытты. Кошоматчыга өкмөт башчысы Сапар Исаков «кой, биринчи күнөөлүүлөрдү таап кустуралы» дейби десек, тескерисинче 386 миллион долларга ЖЭБдин 30 гана пайызы жаңыланганын айтып, толук жаңылоого дагы 600 миллион доллар керектигин билдирди. Ал түгүл: “Эгер азыркы тарифтерди өзгөртпөстөн калтыра турган болсок кырдаал ого бетер начарлайт. Бул күн анализ жасап, ойлонуу үчүн бардыгыбызга мүмкүнчүлүк берип жатат. Дүйнө жүзү ТЭЦи жок эле жашап, ар бир адам үйүн өзү жылытат. Реформа жүргүзүү зарылдыгы курч. Биздин энергетикалык ААКлар өмүр бою карыз болуп жүрө береби? Анысыз да 100 миллиард сомдук карыз бар. Эгер карыздар мындан ары дагы өсө турган болсо, трансформаторлор бузулуп, көйгөйлөр курчуйт”, – деп электр энергиясына болгон бааны көтөрүш керек деген жыландын башын чыгарды.

Мына сага тамаша. Тажикстан 350 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп жатса, биздин кулкуну куураган жетекчилер 1 миллиард долларга бир ЖЭБ курушат экен. Натыйжада, сырттан миллиардап карыз алып жеп алышып, анан электр энергиясынын баасын көтөрүшүп элдин жонунан кайыш тилишет имиш. Мына алкымдары кернейден дагы кең жетекчилердин элге кылган соопчулугу…

Жогорку Кеңеш болсо Бишкек жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтей турган атайын комиссия түздү. КСДПдан төрт, “Республика – Ата-Журттан” үч, “Кыргызстандан” эки, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” менен “Бир Болдон” бирден эл өкүлү кирген 12 депутаттан турган комиссия бир ай ичинде борборду модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын да иликтейт. Коммиссия кандай жыйынтык чыгарбасын, 386 миллион долларды сиңирип кетебиз деген коррупционерлер жооп бериш керек. Дагы 600 миллион доллар болсо ЖЭБ толук жаңыланмак дегендин арты жакшы эмес…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: