Чүйдүн Токмок шаарында жасалма акча жасап элди алдап жүргөн жаш балдар кармалганын милициядан кабарлашты. Милициянын ыкчам иш аракетинин негизинде аз күн мурун 1996-жылы туулган, Токмоктогу окуу жайлардын биринде иштеген жаран кармалган. Аны текшергенде жанынан жасалма 100 доллар, 500 сомдуктан үчөө, 200 сомдуктан бирөө жасалма акчалар табылган. Анын негизинде аны менен кошо акча жасап иштеген дагы бир 1992-жылы туулган жаран колго түшкөн. Андан да жасалма үч 500 сомдук табылган. Маалым болгондой, аталган эки эргул жасалма акчаларды компьютердин жардамы менен жасап жүрүшкөн.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ