Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Дубай шаарында Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана чаралары талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестицияларды тартуу, ошондой эле өз-ара авиакаттамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулады.
Өкмөт башчы кыргыз тарапка жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өлкөнүн ар кыл тармагына алдыңкы санариптик технологияларды кийрүү боюнча БАЭ тажрыйбасы кызыгууну туудураарын белгиледи.
Буга байланыштуу Премьер-министр аталган тармакта тажрыйба алмашуу жана атамекендик экономикага инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.
Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян чет элдик инвесторлорду ички рынокко тартуу үчүн капиталдын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле байланыш тутумун жана транспорттук каттамды жакшыртуу зарылдыгын билдирди.
Ал Бириккен Араб Эмираты жолугушууда талкууланган маселелерди алга жылдырууда Кыргызстанга ар тараптан көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Сапар Исаков Мухаммед бин Заед Аль Нахаянды 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ардактуу конок катары катышууга чакырды.
Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу максатында бир жыл аралыгындагы өз ара сапарлар тууралуу макулдашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ