ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу менен бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча козголгон кылмыш ишине иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2017-жылдын 7-октябрь күнү Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында үч адамдын өмүрүн алган жол –транспорттук кырсык катталып, бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Жол-транспорттук кырсыктын айынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон. Тергөө учурунда авто кырсыкка алып келген жагдайлары менен себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалган. “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 1992-жылы туулган Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочусу. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүгө карата №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу чечими чыкты. Жогорудагы кылмыш ишин ар тараптуу жана толук иликтөө үчүн ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ