Menu

Искендер Матраимов, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Эл менен бир автобуска түшүп, чогуу кеткендин эч уяты жок”  

Бөлүшүү:

— Искендер Исмаилович, Жогорку Кеңештин ар кыл маселелер түрмөгүндө сиз мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскаруу боюнча абдан жүйөлүү пикир айттыңыз. Сиз өзүңүз көп жыл мамлекеттик кызматта иштегенсиз, бул тармакты ичинен билесиз. Кыскартуунун эмнеси туура, эмнеси туура эмес деп ойлойсуз?

— Мамлекеттик кызматкерлердин санын он пайызга кыскартуу – бул негизинен туура чечим. Андан да көбүрөөк кыскартса болот. Бүгүнкү күндүн талабы өзү ошондой. Азыр система өзгөрдү, башкаруу башкача болуп атат. Бирок, маселе ушунда – негизги кыскартуу региондордо болуп жатат. Өкмөт “10 пайыз кыскарттык, 100 кызматкерден 90 кызматкер калды” дейт да региондорду көрсөтүп коёт. Экинчиден, бюджетти бекиткенде бизге алып келип жаткан штаттар мурдагы эле бойдон, мурдагы эле система боюнча. Үчүнчүдөн, коллегиянын баары Бишкекте өтөт. Ар бир мамлекеттик орган ар бир райондун жетекчисин чакырат. Буга канча чыгым кетип атат? Ошол эле учурда региондогу жетекчилер биринчи категориядагы адисти ишке алуу, же кызматтан бошотуу маселесин да чече албайт. Бул укуктарды бүт борборго берип койгон. Мисалы, “МАИни реформалайбыз” деп атышат. Бирок, МАИнин бир кызматкерин кызматка дайындоо маселесин РИИБнин начальниги чече албайт. Буйрук Бишкектен чыгат. Анан кантип иш болсун? Региондорго укук берилип, кадр маселесин да алар өздөрү чече алса, ошондо жоопкерчилик болот да. Советтер Союзунан калган системадан кетишибиз керек да.

— Швейцарияны мисалга тартканыңыз да ойлоно турган маселе экен…

— Негизи эле Кыргызстан менен Швейцария бир эле жагынан эмес, көп жагынан окшош. Бирок, алардын мамлекеттик башкаруу системасы такыр башка. Ошон үчүн алар өнүгүп атат. Элестетип көргүлө, бизде бюджет 1 млрд. 700 млн. доллар болсо, аларда 221 млрд. 900 млн. доллар болуп атат. Алардын федералдык жыйынынын жогорку палатасында 46 гана депутат болсо, бизде 120 депутат бар. Аларда болгону 6 министрлик болсо, бизде министрлик менен ведомстволордун баарын кошкондо 44кө жетип калат. Бизге ошончо кызматтын кереги барбы? Министрликтер менен ведомстволордун кызматтык машиналарын карагыла. Баардыгы жолтандабас. Алар бир чакырымга канча бензин талап кыларын билесиңер. Өкмөттүн токтому боюнча бир айга 240 литр эле бөлүнөт. Бул көп болсо төрт эле күнгө жетет. Калганын каяктан куюп атышат? Чөнтөгүнөн куйбайт да. Башка статьялардан үнөмдөп, бензинге жумшайт. Ошол эле учурда чет өлкөлөрдөгү жетекчилерди көрүп атпайбызбы. Кызматына троллейбус, велосипед менен келгендери бар. Биз да башка коомго өтүп жашап атабыз, демократия күч алган маал. Демек, башкаруу системасын да ошого ылайыктап түзүшүбүз керек да. Депутат катары биз кызматтык машинасы жок эле жүрөбүз, бир эле жардамчы менен иштеп, региондорду кыдырып жетишип атабыз. Андан бир жерибиз кемип кеткен жери жок. Керек болсо биздин бюджетибиз дагы эле көбөйүп кеткендей сезилет. Кайра карашыбыз керек. Ошондо бизде мектеп салынат, ошондо бала бакчалар, социалдык объектилер курулат, пенсиялар, медиктер менен врачтардын айлыктары көбөйөт. Азыркыдай система менен жүрө берсек, эч нерсе өзгөрбөйт.

— Анда сиз кээ бир кесиптештериңиздин “депутаттардын кызматтык машинасын кайра кайтарыш керек” деген сунушуна макул эмес экенсиз да?

— “Ойносоң да ойлоп сүйлө” дейт. Эл менен бир автобуска, же маршруткага түшүп, чогуу кеткендин эч уяты жок. Бизди эл шайлаган, эл менен бирге болушубуз керек. Эл шайлабаса каяктан депутат болуп отурмак элек, туурабы?Керим МУРАС

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: