Menu

Жогорку Кеңештин расмий сайтынан депутаттарга онлайн-кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Бөлүшүү:

Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайты аркылуу депутаттарга түздөн-түз байланышып, онлайн кайрылууга шарт түзүлдү.

Буга байланыштуу бүгүн, 7-февралда жаңыланган сайттын бет ачары өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынай Өмүрбекова, Аида Касымалиева, Рыскелди Момбеков, Акылбек Жамангулов, парламенттин Аппарат кызматкерлери, сайтты иштеп чыккандар жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу расмий сайттагы жаңыланган депутаттын жеке баракчасынан эл өкүлүнүн ишмердүүлүгүн камтыган бардык маалыматтарды, демилгелеген мыйзам долбоорлорду, ал тууралуу ЖМКларга жарыяланган фото жана видео материалдарды табууга болорун билдирди. Муну менен катар парламенттин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында депутаттарга расмий сайттагы жеке баракчасы аркылуу түздөн-түз байланышууга шарт түзүлгөнүн кошумчалады.

Эл өкүлдөрү жасалган жаңылоо иштери үчүн Аппарат кызматкерлерине жана сайтты иштеп чыккандарга ыраазычылык билдиришип, парламенттик-демократиялык багытта өнүгүү үчүн жасалган чоң кадам катары баа беришти. Алсак, депутат Рыскелди Момбеков: “Бул жаңы мүмкүнчүлүк шайлоочулардын бизге түздөн-түз кайрылуусуна жол ачып, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат”, – деди.

Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова ушундай эле техникалык жабдуулардын жардамы менен онлайн-конференция өткөрүү тажрыйбасын да пайдаланып көрүү зарылчылыгына токтолду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: