Menu

Депутат Зиядин Жамалдинов: «Өткөн жылдын салык төгүмдөр боюнча планын аткарбаганы үчүн Салык кызматынын башчысын кызматтан бошотуу керек»

Бөлүшүү:

Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдынала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. «Бажы кызматынын башчысы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы жакында эле дайындалган. Ал эми Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов мурдатан эле жетекчинин орун басары болуп иштеп келген», – дейт ал.

Депутат 2017-жылдын жыйынтыгында бюджеттик салык төгүмдөрүн пландалгандан кем чогултканы үчүн салыктык тармактык комитеттин чечиминде Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматтан бошотуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунуштамасын киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Эске салсак, буга чейин Октябрь Абдыкаимов өткөн жылы бюджетке пландалгандан 1 млрд 622 млн сом кем чогултулганын билдирген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: