Байкадыңарбы, ушул 27 жылдан бери кыргызстандын президенттигине, премьер-министрлигине жана депутаттыгына кандай адамдар жана партиялар келбесин, алардын баардыгы тең эле элге кайрылып, жакшы сөздөрдү сүйлөшөт. Кыргызстанды коррупция сойуп бүтмөй болду, аны түп тамырынан бери кыркуу керек дешип. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин, эч нерсе болбогонсушуп, ал сөздөрүн бир заматтын ортосунда унуткарып койушат. Себеби алардын көпчүлүгү, өзүлөрү коррупционерлер. Анан алар өзүлөрү өзүлөрү менен күрөшмөк беле. жөн гана түр көрсөтүшүп турушат. Алардын арасында чын ниеттери менен коррупцияга каршы күрөшүүнү каалаган адамдар деле бар болуусу керек. Бирок алар азчылык болгондон кийин, коррупция аларды же өзүлөрүнүн катарына кошуп алат. Же болбосо аларды жеп койот. 27 жылдан бери коррупция жок болмок турсун, жыл өткөн сайын гүлдөп өсүп өнүп жаткан себебин мен :
1. Бийликке келгендердин шумпай адамдардан экендиктеринен көрөмүн.
2. Чындыгында эле коррупцияга каршы күрөшөбүз дегендердин, күрөшүүнүн жолдорун билбегендиктеринен көрүп жатамын.
3. Кыргыздар оңолуп өсүп өнөбүз деп чечсек, анда ошол жолдорду билген адамдарды табуу керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ