Тажикстанда балдарынын билимине жана тарбиясына жакшы көңүл бөлбөгөндүгү үчүн ата-энелер жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле салтанаттарды өткөрүүнү көзөмөлдөөчү мыйзамдарды аткарбагандыгы үчүн бир нече аткаминер иштен алынды.
Бул тууралуу өлкө президенти Эмомали Рахмон 13-майда Хатлон облусунун активдери менен болгон жолугушуусу маалында билдирди. Бирок мамлекет башчы конкреттүү адамдардын аттарын атаган жок. «Бир нече адам иштен алынды. Эми мындай иштер дагы да катаал жүргүзүлөт», – деди Рахмон.
Ал мыйзамдар элдин кызыкчылыгы үчүн жана коомдогу туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алынганын, бирок айрым аткаминерлер менен ишкерлер ысырапкорчулукка барышып, туугандары коомдук тартипти бузуп жаткандыгын билдирди.
Эмомали Рахмон өкмөттүн 27-апрелдеги жыйынында мамлекеттик кызматкерлер, өкмөттүн жана парламенттин мүчөлөрү шаан-шөкөттүү салтанаттарды уюштурарын айтып, алардын балдары жол эрежелерин бузуп, окуу жайга автоунаалар менен барып жатканын айткан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ