Menu

Быйыл “Оскарды” ким алат?

Бөлүшүү:

Дүйнөгө дүңгүрөп келаткан “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйылкы жылы 4-мартта, Лос-Анджелесте болот. Лос-Анджелестеги “Долби” кинотеатрына кире бериште салына турган кызыл килемден эң атактуу актерлор, режиссерлор, ырчылар, алып баруучу жана операторлор басып өтүшөт. Бул жылы да эң белгилүү иш-чаранын алып баруучусу Джимми Киммел болмокчу. Оскардын кеч болушу кышкы Олимпиядалык оюндар менен байланыштуу. Кышкы Олимпиадалык оюндар 9-25 февралда болот. Жылдыздардын кызыл килемге келиши, жергиликтүү саат боюнча, 18.30да башталса, расмий бөлүгү 20.00дө башталмакчы. Быйыл “Эң мыкты фильм” наамына: “Дюнкерк”, “Мени өз атым менен атагын” (“Зови меня своим именем”), Куш-кыз (“Леди- Птица”), “Тузак” (“Ловушка”), “Көрүнбөгөн түйүн” (“Призрачная нить”), “Жашыруун досье” (“Секретное досье”), “Караңгы мезгилдер” (“Темные времена”), “Эбинг, Миссуринин чек арасындагы үч билборд” (“Три билборда на границе Эббинга, Миссури”) жана “Суунун формасы” (“Форма воды”) тасмалары жылдырылган. “Эң мыкты режиссер” номинациясы үчүн: Грэтта Гарвинг («Леди-Птица”), Кристофер Нолан («Дюнкерк»), Джордан Пил («Ловушка”), Пол Томас Андерсон (“Призрачная нить”), Гильермо дель Торо («Форма воды») ат салышмакчы. “Эң мыкты эркек оюну” наамына: Дэнзел Вашингтон («Роман Израэл, Esq.»), Дэниел Дэй-Льюис («Призрачная нить»), Дэниэл Калуя («Ловушка»), Гэри Олдмен («Темные времена»), Тимоти Шаламе («Зови меня своим именем») талапкер болушууда. “Эң мыкты аял оюну” наамына: Фрэнсис Макдорманд («Три билборда на границе Эббинга, Миссури»), Марго Робби («Я, Тоня»), Сирша Ронан («Леди-Птица»), Мэрил Стрип («Секретное досье»), Салли Хокинс («Форма воды») көрсөтүлгөн.

Булак: Майдан.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: