Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев дээрлик бир жума бою Москвада жүрүп, Орусиянын жетекчилери менен жолугушуп, президенттик жарышта Кремль кимди колдооруна кызыкты.
Экс-премьердин тегерегиндегилер Темикең Маскөөдөн өтө жакшы маанайда кайтканын белгилеп, “буюрса жеңиш биз тарапта болот, Кремль биздин талапкерге басым жасайт”,- деп тебетейин көккө ыргытып жатканын байкап калдык. Мындан улам, Сариевдин көздөгөнү туурасынан чыгып, президенттик тактыга олтурап калышы да ажеп эмес деңизчи. Саясий эксперттер качантан бери эле, “шайлоонун бизге кереги деле жок, Кремль колдогон адам президент болот”,- деп какшап келатышат. Анын канчалык бир деңгээлде чындыгы бар, бирок, калың журтубуздун дагы көзү ачылып калганын эске алып, Сариевдин командасы “бизди Кремль колдоду, жеңиш чөнтөктө”- дей бербей, талапкерди жакшылап тапташы керек. Коомчулукта анын дарегине карата айтылып жаткан бир катар ачуу суроолор бар. Ошолорго карата так жообун алып чыгып, ынандыра алса, албетте, жылыш болот.
Булак: “Майдан.kg” гезити
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ