“Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча эч иш кылган жок. Эгемендиктен бери мен эки эле кыргызды көрдүм эне тилге кам көргөн. Шайлообай анан Жаңыбай. “Шайлообайдын беш бармагы” деген кафе, анан “Жаныбайдын самсаканасы” деген бар экен”, – деп билдирди КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында.
“Башка кафелерди карагылачы, “Амстердам”, “Омар не Хаям”, “У Обама”. Токтогул көчөсүндө бир эле “Ыракат” деген магазин бар экен, Московскийде бир эле “Берекет” деген. Астанада болсоң суктанасын: Абай көчөсү, Абылай көчөсү, Аль-Фараби, Мухтар Ауезов, жана башка. Ашкана. Эми “Алыкулдун ашканасы”, “Токтогулдун тойканасы”, “Каныкейдин кафеси”, “Сайкал апанын салону” десе да болот да, туурабы? Туурабы? “Чачыкейдин чайканасы” деп. Улуттук тилди жок кылдыңар”, – деди КСДПчы Рыскелди Момбеков.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ