Menu

Казакстандык ишкер «адам өлтүрүү» иши боюнча күнөөсүн моюнуна алды

Бөлүшүү:

«Опузалоо» иши боюнча Алматы соту тарабынан соттолгон казакстандык ишкер Муратхан Токмади «ТуранАлем Банкынын» мурдагы төрагасы Ержан Татишевдин өлүмүнө күнөөлүү экенин моюнуна алды.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери жазгандай, Токмади Жамбыл облусунун райондор аралык сотунда прокурор окуган айыптоолор менен макул экенин билдирди.

Ага «алдын ала кутум боюнча адам өлтүрүүгө катышкан» деген айып тагылды.

Октябрда мамлекеттик телеканал аркылуу атайын тасма көрсөтүлүп, анда ишкер Токмади «ТуранАлес Банкынын» жетекчиси Ержан Татишевдин өлүмү Мухтар Аблязовдун буйрутмасы болгонун айткан. Аблязов 2009-жылдан бери чет өлкөдө жашап келет. Былтыр июнда ал БТА банктагы акча уурдоо иши боюнча сыртынан 20 жылга кесилген.

«КазСтройСтекло» ишканасынын 52 жаштагы ээси Токмади былтыр 12-июнда Алматыда кармалган. Октябрда Алматы соту опузалоо жана мыйзамсыз курал сактоо беренелери менен аны үч жылга эркинен ажыраткан. Токмадинин туугандары айыптоолорду ойдон чыгарылган деп эсептешүүдө.

Татишев 2004-жылы Жамбыл облусунда өлтүрүлгөн. Былтыр күзгө чейин бийлик 37 жаштагы банкир аңчылык маалында кокустан каза тапкан деген версияны айтып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: