Өткөн аптада болуп өткөн бюджет жана каржы комитетинин кеңейтилген жыйынында өкмөт жыландын башын кылтыйтты. Депутат Нышанов энергетика тармагында өсүш болбой жатканын, өкмөт энергетика тармагындагы башкаруу саясатын өзгөртүү керектигин айтты. Өкмөт башчы Абылгазиев эл өкүлүнүн айткандарына анчейин маани бербей, энергетика тармагында баары ойдогудай экенин, ал эле эмес Улуттук Энергохолдинг жалпы карыздын 4 миллиардын сомун төлөөгө даяр экенин билдирди. Бирок каржы кайсы булактан алынарын ачыктаган жок. Көрсө жакынкы аралыкта электр энергияга болгон баа кымбаттайт экен. Абылгазиев бул боюнча: “азыр адамдар өзгөрүп, сапаттуу товарга төлөө керектигин түшүнүп калганын, электр энергиясынын тариф саясаты каралып жатканын, аз камсыз болгондорго бир тариф, башкаларга бир тариф болорун” кыйытты.
Мындай кадамы менен коомчулуктун кыжырын кайнатып аларын аңдабай калдыбы же элдин кулагын бышырайын деп атайын айттыбы ким билсин айтор балп этти. Балп эткендер бат талп этчү эле. Деги абайлагылачы.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ