14-январында 30-чу Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты Каныбек Иманалиевдин биринчи жолу араб тилине которулган “Кыргыз” китебинин бет ачаары болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, аталган китеп орус, англис, немис жана кытай тилдерине которулуп, дүйнөнүн 60 тан ашык өлкөсүнө таркатылган.
Ошол эле күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Э.Токтошев Катар Мамлекетинин Мажлис Аш-Шурасынын Азия мамлекеттери менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун мүчөлөрү Али Абдилатиф жана Насер Аль-Хумейди менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Катар Мамлекетинде жашаган Кыргызстандын жарандары менен жолугуп, мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ