Menu

Казакстанда контрабандист деп депутат менен кошо кармалган кыргыз жарандарынын ысымдары белгилүү болду

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-февралда казак маалымат сайттары аркылуу белгилүү болгондой 15-февралдан 16-февралга караган түнү Казакстандын аймагында кытай товарларын ири суммада Кыргызстан аркылуу контрабандалык жол менен Казакстанга өткөрүүгө шектелип, Кыргызстандын 4 жараны кармалган. Бул маалыматты кечирээк Казакстан ТИМи да тастыктады.

Кармалгандардын үчөөсүнүн ысымы ачыкка чыкты:

Асылбек уулу Дамирбек – КР Жогорку Кеңешинин депутаты. КСДПнын клону болгон “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү.

1981-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.

1993-98-жылдары Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер училищасында окуган.

2006-2008-жылдарда “Скай Мобайл” (Мегаком) компаниясынын бөлүм башчысы.

2008-2009-жылдарда “БиМоКом” (Мегаком) ишканасынын генералдык директорунун кеңешчиси.

2009-2010-жылдары КР Жогорку Кеңешинин “Ак жол” фракциясынын депутаты.

2010-2015-жылдары “Альфа Телеком” (Мегаком) компаниясынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча координатор.

2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты болуп шайланат.

Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери.

2018-жылдын 15-февралында саат 20.15те эл аралык “Манас” аэропортунан Алматыга учуп кеткен бойдон кайрылып келген эмес жана Алматыда кармалганы белгилүү болгон.

Мурадилов Уланбек Туратбекович – 1979-жылы Нарын облусунда туулган. Укук коргоо органдары аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары шектенишет.

Уланбек Мурадилов да “Альфа Телеком” (Мегаком) компаниясынын Ош облусундагы, Нарын облусундагы өкүлү болуп иштеген.

2018-жылдын 15-февралында саат 20.15те эл аралык “Манас” аэропортунан Алматыга учуп кеткен бойдон кайрылып келген эмес жана Алматыда кармалганы белгилүү болгон.

Абакиров Чынгыз Абакирович – 1985-жылы Нарын шаарында туулган.

2003-2008-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинде окуган.

2012-2013-жылдары “Альфа Телеком” (Мегаком) компаниясында иштеген.

2013-жылдан тартып “Сертификат и Ко” ЖЧКсын жетектеп келген.

2018-жылдын 16-февралында таңкы саат 06.42.де “Ак жол” чек ара бекетинен Казакстан тарапка өтүп кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Казакстандын укук коргоо органдары кармалган кыргыз жарандары кытай товарларын ири суммада бажы аркылуу контрабандалык жол менен Казакстанга өткөрүп жүргөн деп айыптап, камакка алды.

Кыргыз жарандары менен бирдикте алар менен кызматташкан Казакстандын бажычылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кошо кармалышкан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: