Menu

Тажик өкмөтү алтын өндүрүү компаниясынын акциясын кытайлардан 1 долларга сатып алды

Бөлүшүү:

Кытайдын «Цзиньфен» өнөр жай компаниясы «Зарафшон» биргелешкен ишканасындагы 5% акциясын Тажикстан өкмөтүнө символикалуу түрдө 1 долларга сатты.

Мамлекет башчы Эмомали Рахмон кыйталык компания менен ишкананын уставдык капиталындагы акциялардын 5% Тажикстанга өткөрүү боюнча келишимге кол коюуну Мамлекеттик мүлк комитетинин жетекчилигине 5-февралда тапшырган.

Тажик өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашкандай, келишимге кол коюлгандан кийин Тажикстандын алтын өндүрүү компаниясынын уставдык капиталындагы үлүшү 7,3 миллион долларды (30%), ал эми кыйтайлык Zi jin Mining компаниясыныкы 17 миллион долларды (70%) түзүп калды.

«Зарафшон» биргелешкен ишканасы Тажик алтын кен комбинатынын базасында 1994-жылы түзүлгөн. Ишкананын акцияларынын контролдук пакети алгач британиялык «Commonwealth & British Mineral Ltd» компаниясына таандык болгон. 2007-жылы аны кытайлык алтын өндүрүү компаниясы сатып алган.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технолониялар министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылы анда 5 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: