Menu

ИМ тобу Дагестандагы кол салуу үчүн жоопкерчилик алды

Бөлүшүү:

“Ислам мамлекети” террордук тобу Кизляр шаарында Масленица майрамы учурунда беш кишинин өлүмүнө алып келген кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдоодо.

Буга чейин РБК Дагестан өкмөтүндөгү булактарга таянуу менен кол салуучунун ысымын атаган. Ал 22 жаштагы Халил Халилов. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жоочу “Ислам мамлекети” террордук тобуна мүчө болгон.

Басылма билдиргендей, Халилов жихадчыларга былтыр кошулган болушу ыктымал. Бирок ал атайын кызматтардын маалымат базасына киргизилген эмес.

Жекшембиде православдардын майрамы белгиленип жатканда Кизлярдагы чиркөөгө чабуул коюлуп, беш адам жашоо менен кош айтышкан. Милиция кол салуучуну атып өлтүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: