Menu

Украина: өз жанын кыйган түркмөнстандык кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Киев шаардык прокуратурасы Улуттук медициналык университеттин студенти, 19 жаштагы түркмөнстандык кыз Муккадас Насыралиеваны өз жанын кыюуга чейин жеткирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыздын үй-бүлөсүнүн адвокаты билдиргендей, Мукаддас Киевдеги өзү окуган университеттен Украинада жүрүүгө уруксат берген документинин мөөнөтүн узартууга керек болгон кагаздарды ала албагандан кийин көпүрөдөн секирген.

Прокуратура 30-январда студент кыз Киевдеги Патон көпүрөсүнөн боюн таштап өз жанын кыйганын ырастады.

Мукаддастын тааныштары ал окуу жайга 2017-жылы тапшырганын жана тиш доктур болууну кыялданып, ага 7-классынан бери даярданып келгенин билдиришти. Алар аны «өжөр жана шайыр» болгон деп сыпатташып, англис тилдүү бөлүмдө окуганын айтышты. Айтымдарында, кыздын чет өлкөлүк студенттер менен иштешүү боюнча декандын орун басары Татьяна Тимохина менен пикири келишпей жүргөн.

«Мукаддастын ата-энеси өлкөдө жүрүүгө уруксат берген документ алууда маселелер бар экенин билишкен жана ага Украинадан чыгып, кайра жаңы виза менен кирүүнү же академиялык тыныгуу алып, окуусун эмдиги жылы улантууну сунушташкан. Түркмөнстандын Украинадагы элчилиги маселени Мукаддасты Украинадан чыгарбастан эле, өлкөдө жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөгөндүгү тууралуу университеттин каты боюнча чечсе болорун билдирген. Бирок деканат аны аткаруудан баш тарткан», — деп билдиришти кыздын тааныштары.

Университеттен чынында эле студенттин миграциялык мыйзамдарга байланышкан маселелери болгонун ырасташты. Кыздын виза мөөнөтү былтыр 17-декабрда аяктаган. Мындан улам анын окуу жайдан чыгарылганы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: